Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук ишмердүүлүктү өркүндөтүүнүн негизги милдеттери белгиленди

                 2018-жылдын  21-апрелинде Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  облустук  активинин  жыйналышы  болуп  өттү.                       

                        Жыйналышты обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, 20-апрель  күнү Таш-Көмүр  шаардык  конференциясында жаңыдан  шайланган Элмира  Эгизалиеваны  жана туулган  күнүн белгилеп  жаткан активдерди куттуктады.           

                  Сөздү Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеинин профсоюзунун Борбордук  Комитеттин  төрагасы  Асылбек  Токтогуловичге берди. ЖАМУнун  профкомунун  төрагасы  Кубанычбек Болотбековго “Билим, илим  профсоюзунунун  отличниги”  төш белгисин   тапшырды.

          Төрага “ 2018-жыл- Региондорду  өнүктүрүү жылынынын “  иш-чараларынын  алкагында  профсоюздук ишмердүүлүктү  өркүндөтүүнүн негизги милдеттерине  токтолду.

        Жыйналышта профсоюздун Ала-Бука , Аксы, Чаткал райкомдорунун  төрагалары жана  Көк-Жаңак  шааркомунун төрайымы  ой-пикирлерин, сунуштарын   айтышты.  Берилген суроолорго  жооптор  берилди.

Профсоюздук  активди обкомдун төрагасы  А.Исмаилов  жыйынтыктап,  Асылбек  Токтогуловичге облустук  профактивдин  атынан ыраазычылык  билдирип, иштерине  ийгиликтерди  каалады.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад обкомунун  инспектору-А.Айдаров.