Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздардын эл аралык өнөктөштүгү өркүндөөдө

           Өзбекстандын  Самарканд  шаарында  эл аралык профсоюздук  форум  болуп  өттү. Форумга Өзбекстан Профсоюздар  Федерациясынын  чакыруусуна  ылайык  Кыргызстандан  5 адам:  Кыргыз  Республикасынын  Профсоюздар Федерациясынын Ош  Облустук Кеңешинин  төрагасынын  орун  басары, эмгекти коргоо  боюнча башкы  инспектору  Тажиев  Толкунбек  Аманович, Медицина  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  облустук   комитетинин  төрагасы Ашимов  Садык  Нармаматович, профсоюздардын  Жалал-Абад Облустук Кеңешинин эмгекти коргоо  боюнча башкы  инспектору  Мамажунусов  Алмазбек Сатыбалдиевич, билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук комитетинин   укук  жана  эмгекти  коргоо   боюнча   инспектору  Айдаров  Абдурахим  Чонахуновичтерден   турган делегация  катышты.

             Делегацияны  27-апрель  күнү Андижан  шаарында  облустук  профсоюздук  уюмдардын  бирикмесинин жооптуу  кызматкерлери  тосуп  алышты.

 Шаардын эстелик  аянтын, кичүү регистан,  темир  жол  вокзалы, Бабурдун эстелигин жана  шаардын  кооз  жерлери  менен  тааныштырышты.

      Делегация Андижан  шаарынын  автомобиль  заводунан  чыккан  жеңил автомашиналарда облустук  профсоюздук жооптуу  кызматкердин жетекчилигинде  Ташкент  шаарына   келдик.

      Ташкент  шаарында Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын   эмгекти  коргоо боюнча  жооптуу  кызматкерлери “Саякат”  мейманканасында   тосуп  алышты.

           28-апрель күнү Ташкенттин  теиир жол  вокзалында Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын   эмгектти  коргоо боюнча  бөлүм  башчысы  Каримова  Надирахан  Бахадиржановна жетекчилик  кылган  жооптуу  кызматкерлери  тосуп  алышты. “Афробсиёб”  ылдам  жүрүүчү  поездинде Самарканд  шаарына  жетип  келдик.

           Вокзалда профсоюздардын  Самарканд  облустук  бирикмесинин  төрагасы Рафиков Сухраб  Абдугафурович  жетекчилиндеги  жооптуу  кызматкерлер  тосуп  алышып,  конференц  залына алып  келишти.

Форумдун  катышуучулары  делегацияны салтанаттуу түрдө тосуп  алышты.

           Эларалык  форумду профсоюздардын  Самарканд  облустук  бирикмесинин  төрагасы Рафиков Сухраб  Абдугафурович  ачып, делегация  жана  меймандарды  катышуучуларга  тааныштырды. 

Ал 28-апрель- Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо  күнүна  карата  форумдун  максат  жана  милдеттерин белгилеп  өттү.

       Сөздү Кыргыз  Республикасынын  делегациясынын  жетекчиси Тажиев  Толкунбек  Амановичке берди. Ал  28-апрель- Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо  күнү менен катышуучуларды  куттуктап, Кыргыз  Республикасында Профсоюздар  Федерациясы тарабынан эмгекти  коргоо боюнча жүргүзүлүп  жаткан   иштердеги жетишкендиктер  жана алдындагы милдеттер  тууралуу  маалымат  берди.

       Сөз Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын   эмгектти  коргоо боюнча  бөлүм  башчысы  Каримова  Надирахан  Бахадиржановнага берилди.

Ал 28-апрель- Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо  күнү менен катышуучуларды  куттуктап, Өзбекстан Профсоюздар  Федерациясы тарабынан эмгекти  коргоо боюнча   иш  берүүчүлөр  жана   профсоюз  уюмдары  тарабынан аткарылып  жаткан иштер,жетишкендиктер  жана алдыдагы милдеттер  жөнүндө  билдирүү  жасады.

       Талкууда  Жиззак, Сирдарё, Самарканд облустарынын өкүлдөрү  профсоюздар  жана  иш берүүчүлөр тарабынан эмгекти коргоо  багытындагы  аткарылган  иштери  боюнча  тажрыйбалары  тууралуу  маалымдашты. Катышуучулар  тарабынан  берилен  суроолорго  жооптор  берилди.

        Форумда делегациянын  атынан , билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук комитетинин   укук  жана  эмгекти  коргоо   боюнча   инспектору  Айдаров  Абдурахим  Чонахунович  ой-пикирлерин, сунуштарын билдирип, форумдун   уюштуруучуларына  ыраазычылыктарды  билдирди.

Катышуучулар эмгекти  коргоо  боюнча тажрыйба  алмашуу  максатында Самарканд  шаарындагы МАН  автомобиль заводуна  экскурсия  барышты.

     29-апрель  күнү  делегация  Өзбекстандын  биринчи  Президенти  Каримов  Ислам  Абдуганиевичтин мавзолейине зиярат  кылып, куран  окушту. Самарканд  шаарынын   тарыхый  жайлары  менен  таанышып    чыгышты.

     30-апрель   күнү Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын  Окуу  Борборунда болуп, профлидерлердин билимин  өркүндөтүү  иштери   менен  таанышышты.

Делегация Өзбекстан  жана  профсоюздар жөнүндөгү  жакщы пикирлер,  маалыматтар  менен  кайтышып,  кесиптештерин  Кыргызстанга чакырышты.

 

Материалдарды  даярдаган:Делегациянын  мүчөсү, билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук комитетинин   укук  жана  эмгекти  коргоо   боюнча   инспектору  Айдаров  Абдурахим  Чонахунович