Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздар социалдык укуктардын кепили, демократиянын жана адилет коом куруунун мектеби болууга тийиш!

Дүйнөлүк ааламдашуу айдыңында адамзат коомчулугунун аң-сезими канчалык өстү дегенибиз менен, так ошол адамдык аң-сезимди калыптандырууда эбегейсиз маанилүү, коомдогу орду алмашылгыс адистикти, бүгүнкүдөй социалдык-экономикалык катаал шарттарга карабастан, жаш муундарга татыктуу билим, маңыздуу тарбия берип, маданияттуулуктун  сырларын үйрөтүп, түйшүктүү илимди жана кесиптик чыгармачылыкты аркалап келаткан, чыныгы мекенчил, ардактуу кесиптештерибиздин, ошондой эле, дүйнө канча жаңырбасын, ар дайым өзүнүн акыл-зирек сезимдери менен алдыга умтулган, жаңычылдыктын жарчысы,  келечектин ээлери болгон жаш муундар, кымбаттуу студент досторубуздун катарында жүрүп, алардын эмгектенүүгө жана окууга укуктук кызыкчылыктарын коргоо вазыйпасы бизге –билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарына жүктөлгөн!

Албетте, профсоюздар өз ишмердигинде эмгектенген кызматкерлердин жана билим алып жаткан студент жаштардын социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоону дайыма башкы приоритет катары эсептеп келебиз. Башка коомдук уюмдардан айырмаланып, бизге Кыргыз Республикасынын баш мыйзамы болгон Конституциябыз, “Профсоюздар жөнүндөгү”, Эмгек Кодекси, “Билим берүү”,  “Социалдык өнөктөштүк”, “Жамааттык Келишимдер жөнүндөгү” ж.б. мыйзамдар, мындан сырткары бир катар мамлекеттик жана өкмөттүк нормативдик-укуктук документтерди жетекчиликке алып, Ош мамлекеттик университетинин ректораты менен профсоюз комитетинин ортосунда түзүлүп, окуу жайыбыздын жамаатынын жалпы жыйынында кабыл алынган Жамааттык Келишимдин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу милдети тагылган.

Соңку жылдар аралыгында бул милдеттерди аткаруу жана максаттарга жетүү боюнча профсоюз комитети өз позициясында бекем туруу менен профсоюздун мүчөлөрү болушкан эмгек жамаатынын жана студенттердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоодо, бул боюнча кабыл алынган иш-пландарынын жана чечимдердин негизинде түрдүү багыттагы бир катар жакшы жетишкендиктерди жарата алдык десек болот:

1. Өлкөдөгү социалдык жана саясый абалдын шарттарында кызматкерлердин социалдык-укуктук кызыкчылыктарын коргоо.

Биз кандай калчаган, же  жоромолдогонубуз менен тагдырдын сыноосуна окшогон тарыхый жана саясый окуялар коомдук жашообузду коштоп келүүдө. Өлкөбүз басып өткөн 23 жылдык эгемендүүлүк жылдарда эң олуттуу экономикалык, социалдык жана укуктук бурулуштарга күбө болдук. Анткеним, 2004-жылы ноябрда XXXI отчеттук-шайлоо конференциясы өтүп, көп өтпөй жаз айларында 2005-жылдагы март революциясы жүз берген. Ал эми 2009-жылдын ноябрында XXXII отчеттук-шайлоо конференциябыздан кийин 2010-жылдагы апрель бийлик алмашуусу болду. Биз мамлекетибизде үй-бүлөлүк диктатуранын башкаруусуна жана жакын туугандардын бийликти, элдик байлыкты ээлеп алуусуна, кылмыштуулуктун жайылуусуна, карапайым элдин турмушундагы кымбатчылыкка алып келген социалдык теңсиздиктен улам ошол эки жолку бийлик алмашканын билебиз. Өткөндөн сабак албаган, катаачылыктарга жол берген жана элдин ишенимине бекем ээ боло албаган бийликтин өмүрү кыска болооруна көзүбүз жетти. Эми минтип өткөн жылдын декабрь айында ОшМУда кезектеги профсоюздук конференциябыз өттү. Бирок Кудай сактасын, дагы бир революция, же төңкөрүш болушунун бетин ары кылсын ылайым! Бул эмне, тагдырдын тамашасыбы, же бүгүнкүдөй глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы боло берчү мыйзамченемдүүлүкпү?

Канткен менен бул суроого ар тараптуу жооп издөө менен ар бирибиз жүрөгүбүздөн Кыргызстандын жаркын келечеги деген үмүткө орун берип жашоо өткөрүп жаткан калың элдин катмарында, кесиптик билим берүү, тарбиялык, ошондой эле чыгармачылык-педагогикалык жана илимий изилдөө  иштерин аркалаган кызматкерлерибиз, асыл максаттарын шам чырак кылып келечекке умтулган нечендеген студенттерибиз коомубуздун аң-сезимдүү, сабырдуу, чыдамкай жана салабаттуу авангард катмары экендиги талашсыз деп ойлойм. Анткени кандай гана кырдаалда болбосун, мыйзамдуулуктун принциптерин гана сактоо менен элдин, же жамааттын ичиндеги туруктуулукту камсыз кылууга болот. Мындай дегеним, бир аз артка чегинип, биздин мурдагы ректорубуз Мухтар Орозбековдун “Революция болсо эле кызматтан кетирүүнү менден башташчу” деп айтканын эске  сала кетсем ашыктык кылбайт деп ойлойм. Себеби, 2005-жылдагы март айындагы, кийинки 2010-жылдагы апрелдеги бийлик алмашуу учурундагы башаламандыкта да чындап эле, техника илимдеринин доктору, профессор  М.Орозбековду кызмат ордунан мыйзамсыз четтетүүгө аракеттер болгондугуна күбө болгонбуз. ОшМУнун жетекчилигине убактылуу келгендер эч ойлонбостон, профкомдун токтомун өздөрү каалагандай токуп салышып, төрага катары менин колумду коюп, профкомдун мөөрүн басып берүүмдү талап кылышкан. Ошол токтомдун түп нускасы менде азырга чейин саткалып турат. Айкындык, адилеттүүлүк үчүн муну белгилеп кетким келет, биз мындай мыйзамсыздыкка жол берген эмеспиз. Ректорго ушундай басым болгон соң, декандар, же кафедра башчыларынын абалы ал кезде айтпаса да түшүнүктүү болчу. Эки учурда тең профсоюз комитети жамаатыбыздын мыйзамдуулукту колдогон басымдуу көпчүлүгүнүн жардамы менен революциялык маанайларга карабастан өз позициябызды карманып, ректорду мыйзамдуу кызмат ордунда иштөөсү үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алганыбызга эркибиз жеткендигине күбө болушкан бир катар адамдар арабызда иштеп жүрүшөт.

 Албетте, мындай мыйзамсыз аракеттерге, ошону менен бирге кызматкерлердин арасында жээк-жаат кылып, алыс-жакын деп бөлүнүүгө жол берген жамааттарда эч кандай туруктуулук, ынтымак жана биримдик, өнүгүп-өсүү болушу мүмкүн эмес эле. Андыктан башыбызга түшкөн 2010-жылдын июнь коогалаңынан жабыркаган кесиптештерибизге, студенттерибизге алардын улутуна карабастан, биздин Ош мамлекеттик университетинин жамааты бир үй-бүлөдөй жакындан моралдык, материалдык жардам жана колдоо көрсөтүп келдик. Тактап айтканда, ОшМУнун ректораты менен профсоюз комитетинин биргелешкен чечимдерине ылайык бул коогалаңда жакындарынан ажыраган, же жоготкон, үй-жайы, мүлкү өрттөнүп-талкаланган, ок тийип денесинен жараат алгандарга, ден-соолугунан ажырагандарга финансылык дараметтерибизге жараша жакындан жардам көрсөттүк, кийин курорт-санаторийлерге бекер жана жеңилдетилген путевкаларды бөлдүк.

2010-жылдын май айында Ош областтык прокуратура, ал эми август айында Кара-Суу райондук прокуратура кызматкерлеринин негизсиз жана мыйзамсыз аракеттеринин аркасынан ОшМУнун профсоюз комитети менен “Жасур” ЖЧК нун ортосунда 50 кызматкерибизге Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл Өкмөтүнүн шаарыбызга жакын аймагынан турак-жай курууга узак мөөнөт ичинде ыңгайлуу шартта сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимибизди өз мезгилинде аткара албадык. Биз бул боюнча ошол күндөрдө Аки-пресс аркылуу пресс-конференция бердик, массалык маалымат каражаттары аркылуу тийиштүү тараптарга кайрылууларды жасадык. Өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитине прокуратуранын коррупциялык аракеттерин ашкарелеп макала жазып чыктык, КРнын ошол кездеги УКМКнын башчысынын орун басары Марат Иманкуловго, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдыевге түз кайрылдык. Жер участокторун сатып алгандар менен прокуратура ортосунда бул боюнча 2010-2012-жылдар аралыгында Ош областтык райондор аралык Сотунда, Кара-Суу райондук Сотунда, Ош областтык Сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда соттоштук. “Пара бербей бара берип жүрүп”, айрымдарын айтпаганда, жүзүндө уяты, жүрөгүндө ыйман-ынсабы бар Айнаш Токбаева, Рахат Каримова, Назым Матраимов, Базарбай Кулакматов өңдүү судьялардын кабыл алган адилеттүү чечимдеринин негизинде чындык биз тарапта болуп, акыр соңунда өз жер участокторубузга ээ болдук.                                                                                            Ал кезде Ош областтык прокуратуранын башчылыгына жаңыдан келген Тургунбаев Айбек Калмаковичтин биздин өкүлдөрдү өзү кабыл алып, маселебиз боюнча ишти жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, терең иликтетип,  бизге көмөк көрсөткөнү коомчулуктун ичинде укук органдарына карата таптакыр өчүп бараткан ишенимди кайра кайтаргандыгына ыраазы болгонбуз.

Канчалык кыйналып, түгөнбөчүдөй болгон соттук талаш-тартышуулардан улам моралдык жана материалдык зыян тартсак да жыйынтыгында жеткен жеңишибизден канаат алдык. Белгилей кетчү нерсе, ошол мезгилде жамаатыбыздын бизге моралдык колдоосу аябагандай зор болду. ОшМУнун профсоюзунун күчүн кесиптештерибизге да, укук жана сот органдарына, коомчулукка да сездире алдык деп ойлойбуз. Тилекке каршы, колдоо көрсөтүүнүн ордуна кээ бир учурларда “Профсоюз өзү баштаган ишке  өзү жооп берсин, бизди аралаштырбагыла” деген жетекчилер да болбой койгон жок.

Кантсе да, 2012-жылдын күз айларында бул жер участокторубузга кызыл түстөгү Мамлекеттик Актыларыбызды колубузга алган жакшылыгыбызга окуу жайыбыздын азыркы ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков өзү ортоктош болуп, салтанаттуу жыйын өткөргөнбүз. Бүгүн эми мында кызматкерлерибиз турак-үйлөрдү курууга киришүүдө.

“Университет – кутубуз, карылар – ырысыбыз!” деген ураандын алдында профсоюз комитети Ардагерлер Кеңеши менен ар дайым тыгыз байланышта болуп, жыл сайын эл аралык Карылар күнү жана май майрамдарында ардагерлерибизге өзгөчө сый көрсөтүп келебиз. Андан сырткары алардын жыл ичинде, айрыкча жай айларында Дем алуу үйлөрүнө, курорт-санаторийлерге, пансионаттарга барып эс алып келүүсүн уюштуруу колго алынган. Ардагерлердин өздүк фондусу ачылып, аны толуктоого өткөн жылы ректорубуз К. Исаковдун демилгеси менен 150 000 сом которулуп берилген. Мындай материалдык колдоо көрсөтүү сөзсүз түрдө профком тарабынан да ишке ашырылууда. Бул каражаттарды Ардагерлер Кеңеши өздөрүнүн чечимдерине ылайык максаттуу пайдаланып келишүүдө.

2. Профсоюздар жамааттын биримдиги, татыктуу билим-тарбия, жогорку маданият жана мыйзамдуу укуктар үчүн!

Окуу жайыбыз өлкөбүздүн коомдук жашоосунда олуттуу мааниге ээ экендигин эске алуу менен жамаатыбызда биримдик менен ынтымактын камсыз болушуна зор көңүл бурулуп келүүдө. Жаштарга татыктуу билим-тарбия берүү, жогорку маданияттуулукту үйрөтүү вазыйпасы жүктөлгөн педагогикалык жамаатыбыздын мүчөлөрү эң ириде бул үчүн өзүбүз үлгү болушубуз бизге коюлган коомдун талабы экендигин терең түшүнөбүз. Профсоюзга келип түшкөн ар кандай арыздарды жана кайрылууларды иликтөөгө алганда, биз эң биринчиден ушул принциптерге таянуу менен иш алып баргандыгыбыз көп жолу өзүн актап келатат. Тараптарды ынтымакка, өзара  түшүнүүгө жана кечиримдүүлүккө чакыруу менен андан аркы абалды жакшыртууга кам көрүп келебиз. Анткени университетибиз биздин экинчи үйүбүздөй, ал эми көп жылдар бою эмгектенген кесиптештер бир үй-бүлөдөгү бир туугандай эле жакын болуп калгандыгыбызды баамдасак дейбиз. Эл ичинде жүрүм-турумубузду педагогикалык этика менен моралдык нормалардын, бийик интеллекттин сапаттарына ылайык алып жүрүү жана маданияттулук менен өзүбүз окутуп, тарбия берип жаткан, өсүп келаткан жаш муунга – студенттерге үлгү болушубуз зор мааниге ээ экендигин пропагандалап келебиз.                                                   Кыргыз Республикасында коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик бир катар мыйзамдарга жана нормативдик-укуктук актыларга, өзгөчө Билим берүү жана илим министрлигинин бул боюнча 2009-жылдагы Жобосуна, Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөн биргелешкен милдеттердин талаптарына ылайык ректорат менен профком ОшМУда мындай жагымсыз көрүнүштөргө аесуз күрөш жүргүзүүгө принципиалдуу кадамдарга барууда. ОшМУдагы коррупциянын алдын алуу боюнча ректордун буйругу менен түзүлгөн комиссияны 2010-жылдан бери профкомдун төрагасы катары да жетектеп келген жылдар аралыгында биз бир катар олуттуу маселелерди кароодо чечкиндүү чараларга баргандыгыбызды баса белгилегим келет. Студенттердин, алардын ата-энелеринин арыздарында, кайрылууларында көрсөтүлгөн пара алган фактылары боюнча көптөгөн текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча ректорго сунуштар берилип келүүдө. Мисал катары, “Кыргызстан тарыхы” боюнча мамлекеттик сынакты тапшырууда,  медицина факультетиндеги бир нече жолку, Философия жана политология кафедрасындагы ж.б.у.с. жүз берген фактыларды айтсак болот.                                              Ошол эле учурда айрым  адамдар, же алардын топтору, алтургай кээ бир укук органдары тарабынан окутуучуларды атайылап каралоо, жаманатты кылуу, же болбосо жасалма “пара алууну” уюштуруу аракеттери болгондугун да белгилеп кетсек орундуу болгудай. Мындай окуяларды медицина факультетинде, ОшМУда жайкы кабыл алуу компаниясы учурунда болгондугун профсоюз комитети антикоррупция комиссиясы менен биргеликте каттагандыгыбыз буга күбө. Окутуучуну 2000, же 4000 сом пара менен кармап алган органдар, анын ошончо долларын алып туруп, тергөөдөн, же соттон бошотуп жиберген учурлар да кездешкени коомчулукта жашыруун эмес. Бул боюнча 2012-жылы өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезитине “ЖОЖдордогу коррупция байпактын деңгээлине түшкөнүнө ким күнөөлүү?” деген аналитикалык макалабыз жарык көрдү. Андыктан коррупциянын тамырын кыркат деп мамлекет ишенип берген функцияны, кызмат абалын өз кызыкчылыгында пайдаланып жүргөн укук органдарынын катарын мындай адамдардан арылтууга көңүл бурулушу керек деген коомчулуктагы пикир туура экендигине ынанабыз.

3. Жакшы эс алуу – жакшы эмгектенүүгө өбөлгө!

Университетибизде салтка айланып калган жыл сайын өткөрүлүүчү маданий-эс алуу саамалыктары: “ОшМУ мырзасы”, “ОшМУ периси”, “Идеалдуу түгөйлөр” “Бильярд чемпионаты”, түрдүү блиц-турнирлер, спорттук мелдештер менен майрамдар жогорку деңгээлде өткөрүлүшү эң биринчиден тарбия департаментинин, Жаштар комитетинин, профсоюз комитетинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасы десек болот. Конкурстардын жеңүүчүлөрүнө баарына профкомдон жолдомолор берилип, бул болсо кызматкерлерибиздин мындан ары да жакшы эмгектенүүсүнө өбөлгө болгондугу талашсыз. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык профсоюз комитети тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн жогорку окуу жайлар жана райондук билим берүү кызматкерлеринин ортосундагы мелдештерде соңку катар жылдарда ОшМУнун командасы биринчиликти колдон чыгарбай келатабыз.

Жалпыга белгилүү болгондой, ОшМУнун Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионаты жылдан-жылга жүздөгөн эс алуучуларды кабыл алууну жакшыртып келүүдө. Өткөн  жылдын сентябрь айында Ысык-көлдө өткөн Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына барган ректорубуз К. Исаков жетектеген университетибиздин өкүлчүлүктүү тобу андан ары өзүбүздүн пансионатка барып, аны мындан кийинкиге өнүктүрүү, натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды жеринде иштеп чыккан. Бул жерде кошумча коттедждерди жана тазалоочу система курууга, курулушу дээрлик бүткөн имараттарды пайдаланууга киргизүүгө ири өлчөмдө каражат бөлүүгө тийиштүү чечимдер кабыл алынышы күтүлүүдө. Анткени коңшу Казакстандын ишкер адамдары келип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, алар эс алуучуларын биздин пансионатка тартсак, инвестиция киргизсек деген сунушун беришти. Мындан сырткары, ОшМУнун алдында иштеп жаткан ЖОЖдор аралык профилакторийде жыл сайын 6-8 агым уюштурулуп, 300-400 кызматкерлер менен студенттер саламаттыгын чыңдап турушат. Ушул жерде бул профилакторийдин ишин калыбына келтирүү жана жандандырууга Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун жана ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун зор колдоосу  болгондугун белгилеп кетели. Анткени профсоюздар тарабынан профилакторийди каржылоо мурдагыдан бир кыйлага жогорулады, ал эми аны капиталдык ремонттон өткөрүү, зарыл болгон эмеректер жана жабдуулар менен камсыздоо ректорат тарабынан жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Көптөгөн кызматкерлерибиз жыл сайын жай мезгилдеринде университетибиздин Ош шаарындагы “Ак-Буура” эс алуу зонасында (700-800 адам) жана жогоруда айтылгандай, Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионатында (400-500 адам) үй-бүлө мүчөлөрү менен жеңилдетилген шарттарда эс алып келишүүдө. Муну менен ОшМУда бул багытта да өз потенциалын колдонуу менен жамаатта жакшы эмгектенүүгө өбөлгө жана стимул жаратууда эң алды менен жакшы эс алууну уюштурууга маани берилүүдө деп айтсак болот.

4. Күчтүү профсоюздар – социалдык укуктардын кепили!  

Дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчтарында алдыңкы профсоюздар жумуш шарттарын жакшыртуу, эмгек акыны жогорулатуу боюнча социалдык кепилдиктерди талап кылып чыгып жаткандыгы боюнча маалыматтарды азыркы кезде күн сайын көрүүгө болот.  Кыргыз Республикасында да профсоюздар жөнүндөгү мыйзамдар алардын эркин, көз карандысыз ишмердикти жүргүзүүсүн тааныйт. Демек, биздеги профсоюздарга болгон элдин ишенимин арттыруу үчүн мыйзамдык укуктарды туура жана сабаттуу пайдаланууга үйрөнүшүбүз зарыл болууда. Эптеп-септеп профсоюздарды сактап калалы деген гана түшүнүктөрдү артка таштай турган мезгил эбак келген. Анткени күчтүү профсоюздар өз өнөктөшү болгон жумуш берүүчүлөрдүн да колдоосуна ээ болуу үчүн конструктивдүү диалогдорду жүргүзгөнгө даяр болушу керек.

Үч жыл мурда эсеп палатасынын чыгарган туура эмес жыйынтыгынан улам психология кафедрасынын окутуучусу З.Жоошбекованын эмгек акысынын эсебинен 49000 сомду бухгалтерияга кайра кайтаруу боюнча буйрук чыгарылган.  Ал арыз менен бизге кайрылып, профсоюз комитети иликтеп, бул мыйзам бузуу четтетилгенден кийин болгону 9000 сом гана кайтарылган. МИТ факультетинин 2012-жылкы бүтүрүүчү курсунун бюджеттик бөлүмүнүн студенти Ж.Саитова МАКка келбей калып, кийинки жылда төрт жыл бюджетте окугандыгы үчүн 80 000 сомдон ашуун каражатты төлөө талабы коюлганда профкомго кайрылган. Анын арызы боюнча ОшМУнун ректораты менен өзара такташып, профсоюздун Борбордук Комитетине, Министрликке чейин барып, кийинки жылда болгону 7 500 сом гана төлөп окуусун бүтүп кетишине көмөк көрсөтүлгөн.                                                                           Мынакей, өз учурунда ОшМУнун профсоюз комитети демилге көтөрүп, профсоюздардын областтык комитети, Борбордук Комитет биздин тапкан атайын каражаттарыбызга салынган 20% салык мыйзамсыз алынып жаткандыгын, бул кээ бир мыйзамдарга каршы келээрин белгилеп Өкмөткө, Парламентке, коомчулукка кайрылганбыз. 2011-жылдын соңку айларында жаңыдан Кыргызстаныбыздын Президенти болуп шайланган Алмаз Шаршенович Атамбаевге университетибизге жолугушууга келгенде мен чоң жамааттын профсоюздук жетекчиси катары бул боюнча пикирин сурагам.  Журт башчысы да маселени көзөмөлгө алаарын айткан. Менимче соңу жаман болгон жок, 20% салыкты төлөбөй калдык, мунун аркасынан канча жолу эмгек акысы жогорулап, курулуштарды жүргүзүп жатабыз. 2013- жылы да студенттердин стипендиясын жогорулатабыз деген Өкмөт тескерисинче, көптөгөн жакшы жана мыкты бааларга окуган студенттерибизди стипендиядан куржалак калтырып койду.  Бул боюнча ошол кезде Жантөрө Сатыбалдыев жетектеген Өкмөттүн токтомун кескин сынга алып, тийиштүү тараптарга кайрылууларды жасоону бүт профсоюздар, керек болсо биздин башкы өнөктөшүбүз болгон ректорубуз да чочулабастан колдоп, ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими кабыл алынган. Жооп кандай болгон, 2014-жылдын башынан кайра каралат деген оозэки убада айтылгандай болгон. Андан бери Өкмөт башчылыгына Жоомарт Оторбаев келип, минтип кийинки жыл өтүп жатса да оңдуу жооп алалбай канчалаган студенттерибиз үмүт менен жашап келишет? Себеби Өкмөттүн өзүндө туруктуулук жок болуп жатканы мындай социалдык маселелердин көбөйүшүнө алып келүүдө. Албетте мындай абал саясый туруктуулукту да камсыздай албай жатканы айдан ачык түшүнүктүү болуп турат.          

Дагы бир мисал: алыс барбайлы, өткөн жылы Ош шаарында газдын, кышка карата көптөгөн кабаттуу үйлөрдө жылуулуктун жоктугу, электр жарыгы улам өчкөнү, отун-суунун кымбаттаганы бир маселе дейли. 2014-жылдын октябрь айында Ош шаардык мэриясы түрдүү Аймактык Кеңештерден чогултуп, муктаж болгон шаар тургундарына электр плитасын, газ баллондорун, 80 т көмүрдү бекер таркатты. Суроо туулат: Ош шаарындагы эң көп салык төлөгөн мамлекеттик мекемелер болуп ОшМУ, андан кийин башка ЖОЖдор эсептелсе,  шаарда ар качан ысыкта болсун, суукта болсун кандай гана майрамдар, ишембиликтер ж.б.  иш-чаралар болсун, окуу жайлардын жамааттары, студенттери тартылып, биз бүтүрсөк, а эмне үчүн мамлекет тарабынан келген жардамдарды бөлүштүрүүдө биз унутта калышыбыз керек? Же эмне, бизде жардамга муктаждар жокпу, жетим-жесир, оорулуулар-майыптар, көп балалуулар, үй-жайсыздар, жаш үй-бүлөлөр жокпу, же алар Ош шаарында жашабайбы, шаардын тургундары эмеспи?

2010-жылдагы июнь коогалаңынан жабыр тарткандар үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдөн жабыркагандардан артып калган 500 квартираны Ош шаарындагы мамлекеттик бюджеттик мекемелер арасында, өзгөчө көп жылдардан бери турак-жайга муктаж болгон билим берүү жана илим кызматкерлерине  бөлүштүрүлүшү туура болот деген кайрылуу жолдоп, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын профкомдору жакында Ош шаардык мэриясынын бул боюнча сунушубузду колдогон тийиштүү жообун алдык.

Ал эми 2013-жылдын жаз айларында “Ош” пансионатынын аймагындагы жер аянттарын мыйзамсыз жана адилетсиз менчиктештирүү боюнча профсоюздардын Ош областтык кеңеши тарабынан туура эмес аракеттер болуп жаткандыгын белгилеп, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасына кайрылганбыз. Тилекке каршы, ошол жылдары убактылуу токтотулуп, бирок бул аракеттер бүгүн да  жең ичинен кайра жанданып, жергиликтүү калктын, көптөгөн шаардыктар менен профсоюз мүчөлөрүнүн жана жалпы коомчулуктун нааразычылыгын жаратып жатканын айтпай коюуга мүмкүн эмес болууда. Андыктан бул боюнча КПФнын жетекчилигинин туура чечими кабыл алынат деген ишенимде турабыз.

Мындай маселени профсоюздар айтпаса, анда адилеттүүлүк болбой жаткандыгын ким айтат? Бул кандайдыр-бир саясый максаттагы суроо эмес, болгону биздин күнүмдүк жашообуздагы профсоюздун ишиндеги мыйзам ченемдүү суроолор экендигин түшүнүүбүз зарыл деп эсептейбиз.

6. Профсоюздар – демократиянын жана адилет коом куруунун мектеби!

Өткөн советтик доордун мезгилинде “Профсоюздар – коммунизмдин мектеби” делген ураан жашаса, бүгүнкү жашообузда мен “Профсоюздар – демократиянын жана адилет коом куруунун мектеби!”  деген ураанга татыктуу болууга тийишпиз деп айтаар элем. Анткени мындан ары өзүбүздүн уставдык максат-программаларыбыз менен профсоюздар социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга приоритеттүү багыт алып, ары мыйзамдуу, ары соопчулуктуу ишмердигибиз менен калк арасында сый-урматыбызды, кадыр-баркыбызды сактоого жана көтөрүүгө багыт алуубуз максатка ылайык, муну учур талап кылып жаткандыгы айдан ачык демекчимин..                                                                                 Мага эмне үчүндүр кыргыз элинин өзүнө не бир касиеттүү жана улуу нарк-насилдерди камтыган улуттук менталитетинин байыртадан келаткан өзгөчөлүктөрү бүгүнкү жашообузда профсоюздун ишине түздөн-түз тиешеси бардай туюлат. Мисалы, “Карысы бардын ырысы бар”, “Кеңешип кескен бармак оорубайт”, “Жети өлчөп бир кесүү”, “Улууга урмат, кичүүгө ызаат”,  “Кары келсе ашка, жаш келсе ишке” деген сыяктуу ийкемдүүлүктүн ажайып жана керемет үлгүсүн көрсөткөн көптөгөн нуска сөздөр бүгүн да маанисин арттырып турбайбы! Андыктан биз да өз ишмердигибизде даанышмандыктын, улуу ойлордун ушул сыяктуу ийкемдүүлүгүн пайдалана жүрсөк ашыктык кылбаса керек.

Ош мамлекеттик университетибиздин профсоюз комитети да ар убак өзүбүздүн профсоюз мүчөлөрүбүздүн жалпы, жеке укуктук жана социалдык кызыкчылыктарына, саламаттыгына, эс алуусуна ж.б. муктаждыктарына кам көрүүнүн үстүндө иштедик.  Биздин аракеттерибизде кандай жакшы иштер, алдыга жылыштар, ийгиликтер болсо, ага тең ортоктош болушкан профкомдун жалпы мүчөлөрүнүн – университетибиздин факультеттеринин, колледждеринин ж.б. структураларынын профбюро төрага-төрайымдарынын, бизди өнөктөш катары туура түшүнүп колдоо көрсөтүп келген башкы социалдык өнөктөштөрүбүз болгон университетибиздин жетекчилеринин да эмгеги зор болду!

Мындан ары да өз ишмердигибизде коомубузда, жамаат ичинде ачык-айкындуулукту, адилеттүүлүктү жана демократияны өнүктүрүүгө багытталган өнөктөштүктүн мыйзамдуу принциптерин жетекчиликке алып, жамаат мүчөлөрүнүн эмгегин татыктуу баалоого, ички ынтымактын бекемдигин арттырууга, жаштарыбыздын сапаттуу билим, маданияттуу тарбия алышына, алардын жалпы укуктук кызыкчылыктарынын корголушун камсыз кылууга жетишүүгө баардык болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшап иштөө келечектеги ийгиликтердин өбөлгөсү болот деп бекем ишенебиз.

 

Аккулов А.У.,

ОшМУнун бириккен профкомунун

 төрагасы, г.и.к., доцент