Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРОФСОЮЗДАР МЕНЕН БЕЙОКМОТ УЮМДАРДЫН БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТТЕРИНЕН ЭМНЕНИ КУТСОК БОЛОТ?

     Жалал-Абад шаарында бугун Intrac, Friedrich Ebert Stiftung, КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу, "Координационный центр поддержки НПО" коомдук уюму биргелешип уюштурган "Жаштардын эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн эффективдүү коммуникацияларды түзүү" деген аталыштагы семинар-тренинг өз ишин баштады. Ош жана Жалал-Абад аймактарынан келип катышкан 40ка жакын профсоюз ишмерлери менен бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнүн жаштардын, о.э., жалпы жарандардын эмгек укуктарынын сакталышы жана корголушу жөнүндөгү маселелерди талкуулоо менен бул семинар-тренинг мындан ары биргелешкен аракеттерди көрүү максатын коздоодо.    

     Профсоюздар менен бейөкмөт уюмдардын ортосунда базалык билимдерин жана жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, бул үчүн мындай чөйрөлөрдө зарыл болгон коммуникацияларды түзүүгө эл аралык абройлуу уюмдардын көмөк көрсөтүп жатышы мындай маселелердин канчалык актуалдуу экендигинен кабар берет десек туура болчудай. Кыргызстанда демократиялык ачык жана адам укугу сакталган коомду курууга багытталган мындай аракеттер келечекте өз жемишин берет деп ишенүүгө болот.    Анткени билимдүү жана күчтүү коомдук уюмдардын идеялары, иштиктүү аракеттери дайыма адамдар арасында колдоого алынып келүүдө. Азыркы учурда ар кайсыл жамааттарда мыйзамдык укуктардын сакталышын көзөмөлдөө жаатында профсоюздардын өз ишмердигин активдүү жандандыруу талап кылынууда. Ушул эле маселе көптөгөн бейөкмөт уюмдар үчүн да актуалдуу болуп келүүдө. Демек, өлкөбүздө жарандардын кызыкчылыгындагы ишмердиктерибизде алган багытыбыз, оюбуз да, жолубуз да бир экендигин тереӊ түшүнүүбүз зарыл болууда.