Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз майрамы

      2016-жылдын 24-октябрында профсоюздардын майрамын шаардык мэрия колго алып, Т.Тыныбеков атындагы филармонияда салтанаттуу белгиленди. Алгачкы сөздү шаардык мэриянын вице-мэри Т.А.Темирбаев ачып, майрамды ачык деп жарыялады. Ал профсоюздардын күнү менен катышуучуларды куттуктап, мугалимдердин социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо шаарыбызда бир топ  иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

     Андан кийинки сөз Билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрайымы З.Тургунбаевага  берилип, профсоюз жана социалдык коргоо кызматкерлеринин майрамы менен кызуу куттуктап, өзүнүн каалоо-тилектерин билдирип, профсоюз уюмдарында жамааттык келишимдер жана макулдашуулар түзүлүп, эмгекчилердин социалдык-экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо бараандуу иштердин жүргүзүлүп жаткандыгына басым жасады.

     Куттуктоо сөздөрдөн кийин профсоюздук кыймылды өркүндөтүүгө астейдил салым кошуп, иштеп жаткан шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаардык мэриянын Ардак Грамоталарына жана баалуу белектерине  татыктуу болушту. Кеченин соӊунда Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармониянын ырчы, чоорчу жана кыякчылары катышуучуларды майрамдары менен куттукташып өз өнөрлөрүн тартуулашты.