Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз - өз мүчөлөрүнүн таянычы

2020-жыл өлкө тарыхында оор жылдардан болду. Коронавирус илдетинин айынан көптөгөн жоготууларга дуушар болдук. Бул илдет билим берүү тармагына да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук, облустук жана райшаардык комитеттери тарабынан өз мүчөлөрүн моралдык жана материалдык жактан колдоо максатында тынымсыз иш чаралар уюштурулуп турду. Бүгүн ошол иш чараларды утурлай Билим, илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитети тарабынан “Covid-19” жана пневмония менен ооруган жалпы 68 профсоюз мүчөсү катталып, акчалай түрдө материалдык жардамдар берилди. Материалдык жардам алган кызматкерлер профсоюздун жетекчилерине камкордук иштери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Ноокен райкомунун инспектору

Т.Бакиров