Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз уюмдарынын төрайымдары менен жолугушуусу

Бүгүн 2020-жылдын 29-декабрында Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.А.Топчубаев билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова жетектеген шаардагы билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда шаар мэри Э.А.Топчубаев,  жыл ичиндеги билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, билим сапатын жакшыртууга түзүлүп жаткан шарттар жөнүндө тааныштырып, шаардын өсүп келе жаткан муундары үчүн билим берүү сапатын жакшыртууга сунуштарды берүүнү сунуштады. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова жана баштапкы профсоюз уюмдарынын лидер төрайымдары билим берүүдөгү көйгөйлөрдү жана аны чечүү жолдорун биргеликте талкуулашты. Жолугушуу соңунда шаардын мэри катышуучуларга жаңы жылдык каалоолорду билдирүү менен өзүнүн баалуу белектерин тартуулап, ийгилик жараткан билим берүү кызматкерлерине дем берүү, моралдык, материалдык колдоо көрсөтүүгө дайым даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мындай жолугушууларды, талкуулоолорду, тегерек столдорду тынымсыз өткөрүп туруу аркылуу шаардын билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөрдү биргеликте чечип, шаардагы өсүп келе жаткан муундун таалим-тарбия алуусу үчүн колдон келген жардамын, тажрыйбасын аябастыгын билдирди.

Маалыматты даярдаган Ж.М.Душобаева