Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз – таянычыбыз жана камкорчубуз!

2022-жылдын 5-ноябрында Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнө караштуу №6 “Арал” орто мектебинде 19-октябрь – Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Профсоюз – таянычыбыз жана камкорчубуз!” аттуу Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү.

Белгилей кетсек, бул жылы №6 “Арал”  орто мектеби райондук “Жылдын мыкты мектеби - 2022” жана “Жылдын мыкты профсоюздук уюму-2022” кароо-сынактарынын жеңүүчүсү.

Майрамдык иш чарага Ноокен районунун акими Т.Ишенбеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин укук жана эмгекти коргоо инспектору А.Айдаров, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Омурзаков, ардагер мугалимдер, баштапкы кесиптик уюмдардын төрага, төрайымдары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө №6 “Арал” орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Төрага К.Нышанов иш-чараны экинчи бөлүгүн ачып, 19-октябрь – Профсоюз  кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады жана  Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 2022-жылда аткарылган иштер жөнүндө презентация жасады.

Ноокен районунун акими Т.Ишенбеков өз куттуктоо сөзүндө аткарылып жаткан иштерге токтолуп, мугалимдердин социалдык-экономикалык маселелеринин чечилиши багытында, социалдык өнөктөштүк багытында иштер, маалыматтык-агартуучулук иштер, жаштар кеңешинин иши жогорку денгээлде жүрүп жаткандыгын айтып өттү.

Жалал-абад обкомунун инспектору А.Айдаров Ноокен райкомунун аткарып жаткан иштерине ийгиликтерди каалап, бул иш-чарага райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы социалдык өнөктөш катары катышып жаткандыгын чоң жетишкендик экендигин айтып өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө 9 ардагер мугалим Ноокен райондук “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси, 2 мугалим Жалал-Абад обкомунун “Билим, илим профсоюзунун отличниги” төш белгиси, 10 мугалим Жалал-Абад обкомунун Ардак грамотасы, 3 мугалим Ноокен райкомунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле “Жылдын мыкты профсоюздук уюму жана төрагасы-2022” кароо-сынагынын райондук турунун жеңүүчүлөрү сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров