Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз тармагы өз мүчөлөрүнө кам көрүүдө!

Профсоюз тармагы өз мүчөлөрүнө кам көрүүдө!

     Баарыбызга белгилүү болгондой эле 2020-жылдын март айынан тарта өлкөбүздүн башына сыноо түшкөн COVID-19 коронавирус илдети менен күрөшүп келүүдө.

     Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал киргилизип шаар тургундары менен кошо эле билим берүү кызматкерлерине көчөгө чыгууга тыюу салынды. Ал да аталган вирустун жайылышына бөгөт коюу болуп саналат. Өлкөнүн бардык аймактарына Өкмөт тараптан ар кандай гуманитардык жардамдар келип, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө берилип жатат. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акуновдун демилгеси менен турмуш шарты оор, көп балалуу жана аз камсыз болгон билим берүү кызматкерлерине гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

- “Шаарыбызда жайгашкан билим берүү мекемелеринде эмгектенип келе жаткан профсоюз мүчөлөрүнүн үйлөрүнө барып, моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөттүк. Бул кыймылыбыз биринчи жолу эле эмес, биз өз мүчөлөрүбүзгө ар дайым материалдык жактан колдоо көрсөтүп келе жатабыз” – деди шааркомдун төрагасы К. Акунов.

Айта кетсек билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан берилген материалдык жардамды бир эле мугалим эмес, билим берүү тармагында эмгектенген тарбиячы, кароол, ашпозчу жана кенже персоналдарга берилди. Жалал-Абад шаарында жайгашкан Э.Арапбаев атындагы №16 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы У.Райымкулова бул жасалган жардамды төмөндөгүдөй айтып берди: “Билим берүү тармагынын жетекчиси Ырысбек Калчаевдин жана профсоюз комитетинин төрагасы Кеңешбек Жасыновичтер биздин кенже персоналдан тартып педагогикалык жамаатка бирдей жардам берип келет. Бүгүн биздин кенже персоналыбызга да өздөрү келип материалдык жардамды тапшырганы кичи пейилдик жана инсандык сапаты деп айтсам жаңылышпаймын. Бул инсандардын билим берүү тармагынын кызматкерлерине болгон урмат сыйы жана камкордугу.” Эскерте кетсек профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан жалпы 50гө жакын үй бүлөгө материалдык жардам берилди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Маалыматты даярдаган: Максат Мамасыдыков.