Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Профсоюз – сиздин колдоочу”

Мугалимдин кесибин даназалоо, мугалимдердин жаш муундарга мамлекеттик стандартка ылайык жаныча ыкмалар менен тарбия берүүсүнө көңүл буруу жана алардын алдыңкы тажрыйбаларын таап, жайылтуу максатында “2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылынын алкагында Баткен шаарындагы Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “2022-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагынын шаардык туру өткөрүлдү.

Кароо-сынактын жобосуна ылайык тарбиячылар төмөнкү критерийлерге ылайык күч сынашты: мыкты ачык сабак, тест, өзүн-өзү тааныштыруу, мастер-класс, өздөрүнүн кесипке болгон кызыгуу, сүйүүлөрүн көрсөтүшүп, педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү фантазиялары менен көптөгөн катышуучуларды таң калтырышты. Учурда ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын көздөрүнүн, жан дүйнөлөрүнүн кусалыктарын  тарбиячы өз кучагына алып, экинчи эне болуп, өз мээрин чачып иштеп келгендиктери жөнүндө көйгөйдү чагылдыра алышты.

Сынакка Баткен шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башкы адиси Пинназаров Эсен, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбеков   жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова катышышты. Жыйынтыгында Акжолтой-Баткен балдар бакчасынын тарбиячысы Аширова Орозгул 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланды. Ал эми 2-орунду Алтын-Бешик балдар бакчасынын тарбиячысы Гулбарчын Бекназарова, 3-орунду Данектай балдар бакчасынын тарбиячысы Канышай Тажибаевалар  ээлешти. Сынактын катышуучуларына баалуу белектер билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитети тарабынан уюштурулду. Сыйлоого 7000 сом  акча каражаты бөлүндү.

Өткөрүлгөн кароо-сынак Баткен шаарындагы мыкты тарбиячларды аныктоого жана алардын иш тажрыйбаларын шаардык денгээлде жайылтууга мүмкүндүк берди.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова