Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз мугалимдердин майрамын көӊүлдүү өткөрөт!

Баткен шаарында  400   мугалим-тарбиячылар, 6160  окучуга  билим тарбия берип келүүдө. 2019-жылдын  5-октябрында  Баткен шаарындагы  Салкын Тор кафесинде  мугалимдердин  кесиптик  майрамынын  урматына   шаардагы  105 мугалимге, 15 ардагер  мугалимдерге  сый урмат  көрсөтүлдү.

Кесиптик майрамдын салтанатына   Баткен шаарынын  вице   мэри Рыскулова Имигүлсүн Токсоновна,  Баткен облустук билим берүү  усулдук борборунун директору Мееринса Абдрашитовна  жана шаардык мекеме-ишканаларынын  жетекчилери  катышты. Кесиптик майрамдын салтанатында   мыкты  мугалимдерге  Кыргыз Республикасынын  билим берүү  жана илим министрлигинин, Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүктүн, Баткен шаарынын Мэриясынын, Билим беруу бөлүмү  жана  Баткен шаардык  профсоюз комитетинин Ардак грамоталары жана  төш белгилери тапшырылды. Шаардык  профсоюз комитети  тарабынан   бардык  мугалимдерге  белектер  берилди.

Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмү (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  келишимге ылайык   Мугалимдердин кесиптик майрамынын  урматына  Баткен шаарынын  мэриясы  тарабынан  67300 сом , шаардык профсоюз тарабынан  10000 сом бөлүнүп, Мугалимдерге майрамдык  сый дасторкон жана  ар бир мугалимге   белектер берилди. Майрам мугалимдер үчүн  даярдалган концерттик программа ыр-бий менен  коштолду.

 

 

 

Материалды даярдаган:

Калыкова Мактым