Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз мүчөлөрүнүн, кызматкерлердин, окуучулардын ден-соолуктарын жана коопсуздуктарын сакталышын камсыздоо, колдоо иш-чарасы

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин 09.02.2021-жылдагы №8 Эмгек Кодексинин 3,2-беренеси, "Кесиптик бирликтер жөнүндөгү" мыйзамынын 14-беренеси, "Эмгекти коргоо" мыйзамынын 19-беренеси жана Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Уставынын 10 пункуттарынын негизинде билим берүү тармагында санитардык-эпидемиологиялык шарттардын аткарылышынын коомдук көзөмөлгө алып, коопсуздукту сактоо иш-чараларынын абалын райшаардык билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте таанышып, тийиштүү көмөк берүү жөнүндөгү катынын негизинде, Базар-Коргон райондук билим берүү  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитети тарабынан, билим берүү уюмдарында санитардык-эпидемиологиялык шарттары жана коопсуздукту сактоо иш-чараларынын абалын таанышып, тийиштүү көмөк берүү максатында 2021-жылдын 12-февралында иш-чара уюштурулду.

 

Иш-чара алкагында, райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев Базар-Коргон районундагы мектептерде кызматкерлердин, окуучулардын ден-соолуктарын жана коопсуздуктарын сакталышын, санитардык-эпидемиологиялык шарттары менен жеринде таанышып, мектеп жамааттынын иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Мектептин жамаатты профсоюз комитетине кабар алып, колдоолор үчүн ыраазычылыктарын  айтышып,  жакшы тилектерин  билдиришти.

Материалды даярдаган: райкомдун инспектору К.Асыранкулов