Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз-мүчөлөрүнүн дем берүүчүсү.

2020-жылдын 13-сентябры  күнү  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  А.А.  Исмаилов,  обкомдун  инспектору  А.Айдаров   жана      Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы  С.С. Жаркынбаев   Базар-Коргон  районунун  Арстанбап  айыл  аймагындагы  “Кош-Терек” негизги  билим  берүүчү мектебинде  болушуп жамааттын  жетишкендиктери  менен  таанышышты.  Мектептин  директору Убайдуллаев  Рустам Махмадаминович айылдын  тургуну,  ишкер, ишмердүүлүгүн  Россия  мамлекетинде  жүргүзүп  жаткан  Досматов Куватбектин демөөрчүлүгү  менен   10  млн.   сомго  курулушу  бүткөн  спорт  зал  жана  ишкер  Акылбек  уулу  Айбектин демилгеси  жана  демөөрчүлүгү  менен  башталган  3  класстык  бөлмөнүн  курулушу  менен  тааныштырды. Бул курулуштарда  ата-энелердин,  мугалимдердин жана  элдин  салымы  чоң  болуп  жаткандыгын  баштапкы  профсоюздук  уюмдун  төрагасы Кадыров  Алимжан  канааттануу  менен   белгиледи.  Мектепте  окуу-материалдык  базаны  чыңдоо  багытында  мектептин  жетекчилиги  жана жамааты коомчулук   менен  активдүү  иштешип жаткандыгынын жыйынтыктары  экендиги  айтып,  демөөрчүлөргө, ата-энелерге, коомчулуктун  өкүлдөрүнө  жамааттын   ыраазычылыгын  билдирди. Обкомдун  төрагасы  А.А.Исмаилов  сүйлөп, мектепте  эмгектенүү  шарттарын  жакшыртуу  багытында алгылыктуу  иштер  болуп  жаткандыгына  күбө болгондугун   айтып, социалдык   өнөктөштөр  менен биргеликте   жетишкен  ийгиликтери үчүн  берилген  сыйлык  “Билим, илим  профсоюзунун  отличниги”  төш  белгисин мектептин директору  Р. Убайдуллаевке тапшырды.  Пандемия  шартында айылда  табыгый  кырсык  болуп,  үйү  селден   жабыркаган   мектептин мугалими Музаффар  Хасанбаевке  материалдык  жардам  көрсөтүлдү. Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы  С. Жаркынбаев,  мектеп  директору  Р.Убайдуллаев, мугалим М. Хасанбаевтер  сүйлөшүп,  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко  ыраазычылыктарын  айтып,  профсоюздун колдоолору  дем  берип  жаткандыгын   билдиришти.

 

 

Материалды  даярдаган :  Обкомдун   инспектору А.Айдаров.