Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРОФСОЮЗ МҮЧӨЛӨРҮНҮН БАЛДАРЫНА КАМКОРДУК.

Кыргызстанда президенттин жарлыгы  менен "2020-жыл-Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланган. Бул жарлыктын алкагында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин иш планына ылайык “Профсою-балдарга” деген акция 1-июль балдарды коргоо күнүнө карата пландаштырылган. Санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу бул акция октябрь айында ишке ашып, турмуш-шарты оор, материалдык жактан жетишпеген 26 профсоюз мүчөсүнүн балдарына китеп баштык, оюнчуктар, 300 сом өлчөмүндөгү акча даярдалып тапшырылды. Белек алган профсоюз мүчөлөрү райондук комитетке ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалап кайтышты.

 

 

Билим беруу  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                         Б.Абдыразакова