Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз мүчөлөрүнүн балдарына камкордук кылуу жана колдоо акциясы.

Базар-Коргон райондук билим берүү  жана илим кызматкерлеринин   кесиптик бирлигинин комитети тарабынан “2020-жыл-Региондорду  өнүктүрүү,  санариптештирүү  жана  балдарды  колдоо  жылы”  иш-чараларынын   алкагында  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  райондук профсоюз  мүчөлөрүнүн балдарына камкордук  кылуу  жана  колдоо  иш-чарасы    уюштурулду. Иш-чара  2020-жылдын  1-октябры  күнү Базар-Коргон районундагы     №31 А.Абдырахманов  атындагы  орто  мектебинде  өткөрүлүп,  иш-чарага  Жалал-Абад  обкомунун  инспектору  А. Айдаров, райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев, райкомдун  инспектору  К.Асыранкулов  жана  мектептин  жамааты  катышты. Обкомдун  инспектору  А .Айдаров     мектептин  мугалими  Миргүл  Алиеванын  уулу  Байзат  Аширбековту  Индияда  операция кылуу үчүн  материалдык  жардам  тапшырып,  Байзаттын дарылануусу ийгиликтүү болуп,  сакайып кетишин жана  жакшы  каалоолорду  айтты. Ошондой эле       А.Айдаров  пандемия  шартында  Борбордук  Комитет,  обком,  райшааркомдор  тарабынан   илдетти  жеңүү  үчүн  жүргүзүлүп  жаткан  иштер  жөнүндө    маалымат  берип, обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловдун  атынан  “мугалимдерди  кесиптик  майрамы”, “карыялар  күнү”  менен  мектептин  жамаатын  куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев  Байзат  Аширбековтун ден-соолугу жакшы болуп кетишин каалап, билим берүү жана илим кызматкерлерин  “мугалимдердин  кесиптик  майрамы”, “карыялар  күнү”  менен куутуктап, профсоюз комитети  мүчөлөрүн  колдоп, коргоп келерин    билдирди. Жаш  мугалимдерге  мектеп тарабынан даярдалган  грамоталар тапшырылды. Мектептин  директору  Жамила  Адиева,  профкому Разыкан  Закирова,   Миргүл  Алиева жана   мектеп  жамаатты колдоолор  үчүн   ыраазычылыктарын   билдиришип,  проофсоюздук  жетекчилердин  иштерине  ийгиликтер  каалашып, ар-дайым билим берүү кызматкерлерин коргоп, колдоп жүрүшүн айтышып,  жакшы тилектерин  билдиришти.

 

     

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов