Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз мүчөлөрүнүн балдарына камкордук кылуу жана колдоо акциясы уланууда

 “2020-жыл–Региондорду  өнүктүрүү,  санариптештирүү  жана  балдарды  колдоо  жылына” карата  иш-чараларынын   алкагында    “Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү”  жана   “Базар-Коргон райондук билим берүү  жана илим кызматкерлеринин   кесиптик бирлигинин комитети” тарабынан райондук профсоюз комитетинин  мүчөлөрүнүн балдарына жана майып балдарга камкордук  кылуу  жана  колдоо  иш-чарасы    өткөрүлдү.  Иш-чара 2020-жылдын  03-декабрь  күнү  Базар-Коргон районундагы     №21 Жеткинчек мектепке чейинки билим берүү уюмунда жана  № 54 Алтын -Кыя орто мектебинде өткөрүлүп,  иш–чарага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  С.К.Сариев,  райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев  жана балдар бакчасынын , мектептин жамааты  катышты.№21 Жеткинчек балдар бакчасынын кызматкери Токтосунова  Айпери Муратбековна   кызын Эсеналиева  Элимай Камытбековнаны  дарылануу үчүн жардамга муктаж болуп жаткан. Райкомдун  төрагасы  С.Жаркынбаев   Рамашова Айсезимге ден-соолук, жакшылыктарды  каалап,  Эсеналиева  Элимайдын дарылануусу  ийгиликтүү болушун  айтып,  профсоюз комитети  тарабынан    Эсеналиева  Элимайдын дарылануусу үчүн  жардам сертификатын  тапшырды.  №21 Жеткинчек балдар бакчасынын директору Акматалиева Чинархан жана  кыздардын ата-энелери   берилип жаткан  жардам үчүн ыраазычылыктарын   билдиришип, райондук билим берүү бөлүмүнө жана    проофсоюздук  комитеттинин  иштерине  ийгиликтерди  каалашып,  жакшы тилектерин  айтышты.

   

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов