Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз - мүчөлөүнүн камкору.

Профсоюз - мүчөлөүнүн камкору.

2020-жыл бүткүл дүйнөдө инсандардын илдет менен күрөшүү жылы катарында тарыхта калчу оор жыл болууда. Бул кыйынчылыктарды жеңүүдө Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитети жана анын төрагасы Асылбек Токтогуловичтин жеке демилгеси менен билим берүү тармагындагы профсоюз мүчөлөрүнө көрүлүп жаткан камкордуктар кесиптештерибизге дем берип келүүдө.

2020-жылдын 22-23-сентябры күндөрү Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.А.Исмаилов жооптуу кызматкерлери менен Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларында, Ноокен, Сузак райондорунда бөлүшүп, пандемия доорунда ооруп каза болгон кесипештеринин үйлөрүнө барышып, куран окулуп, мате риалдык жардамдар берилди.

Өткөрүгөн иш-чараларга райшаар билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, райшаарком төрагалары катышып, жетекчилер жана кесиптештердин үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү профсоюздун Борбордук жана облустук комитеттерине өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган Жалал-Абад обкомунун инспектору: А.Айдаров.