Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз лидерлеринин арасында “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

2019-жылдын 9-октябрь күнү Баткен районунун Бужун орто мектебинин базасында Баткен районундагы жалпы билим берүүчү уюмдардын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын ортосунда Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан “Брейн-Ринг” интеллектуалык таймашы өткөрүлдү. Бул таймашта Дара зонасынан “Айкөл” командасы, Самаркандек зонасынан “Биримдик”, Кара-Бак зонасынан “Ынтымак” командалары ат салышты. Таймаш профсоюздук кыймылды даңазалоо жана ага мотивация берүү боюнча музыкалык үй тапшыра менен башталды.  Таймаштын экинчи этабында катышуучуларга уюштуруучулар тарбынан даярдалган суроолор берилди. Суроолор Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин,  мыйзам актыларынын жана ар түрдүү жоболордун негизинде түзүлгөн.  Таймаштын катышуучулары иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жолдору боюнча терең билимдерге ээ экендиктерин көрсөтө алышты. Таймаш өтө курч атаандаштыкта жана кызыктуу мазмунда өттү.

Катышуучулардын билимдери жана алардын суроолорго берген жооптору калыстар тарабынан терең иликтенип жыйынтыктар чыгарылды. Натыйжада “Ынтымак” командасы I орунга, “Биримдик” командасы II орунга, “Айкөл” командасы III орунга ээ болушуп, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан акчалай сыйлыктарды алышты.

Катышуучулардын билимдери жана алардын суроолорго берген жооптору калыстар тарабынан терең иликтенип жыйынтыктар чыгарылды. Натыйжада “Ынтымак” командасы I орунга, “Биримдик” командасы II орунга, “Айкөл” командасы III орунга ээ болушуп, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан акчалай сыйлыктарды алышты.

Таймашта жеңүүчү болгон “Ынтымак” командасы “Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюз күнүнө” арналган Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук комитет тарабынан өткөрүлүүчү “Брейн-Рингге” жолдомо алышты.

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

 бирлигинин Баткен райондук

комитетинин жетектөөчү адиси

          Б.Абдыразакова