Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз лидерлери социалдык өнөктөштү куттукташты

Профсоюздук ишмердүүлүктө социалдык өнөктөштөр менен иштөө жалпы ишибиздин натыйжалуулугунда орду салмактуу.

Козуев Бакыт Садыкович Жалал-Абад областынын Ноокен  районунун  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  болуп  иштеген  жылдарында  мен  Билим   берүү   жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун  Ноокен  райондук  комитетинин  төрагасы кызматында  иштеп,  билим  берүү кызматкерлеринин  социалдык-экономикалык  маселелерин  чечүү,  алардын  эмгектерин  стимулдаштыруу,  эмгектенүү  шарттарын  жакшыртуу  багытында демилгелүү  иштерди  бирге  ишке ашырганбыз. Иш  билги, демилгечил, жөнөкөй, айрыкча  мугалимдердин кадыр баркын сыйлаган(мугалимдин   уулу)  жетекчи  катарында  Ноокен  районунун  билим  берүү  тармагын  жогорку денгээлге көтөрүүгө  жетишкен-мыкты  өнөктөш.

Профсоюз  лидерлери Кыргыз Республикасынын  Билим  жана  илим   кызматкерелеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин  төрагасынын орун басары, Ош обкомунун төрагасы  С.А.Тойгонбаев, Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы  А.А.Исмаилов, Ноокен  райкомунун  төрагасы  К.К.Нышанов, Базар-Коргон райкомунун  төрагасы С.С.Жаркынбаев  Б.С.Козуевди  Ош областынын Ноокат  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн башчысы  кызматына  жаңы  дайындалышы менен куттукташып, өнөктөш катарында билим берүү кызматкерлерин социалдык-экономикалык  маселелерин  биргеликте  чечүү  иштеринде  ийгиликтерди  каалашты.

Өнөктөшүбүз Б.С.Козуев профсоюз лидерлерине өзүнүн терең  ыраазычлыгын билдирип, профсоюздук  ишмердүүлүктө бирге  иштеп ийгиликтерди камсыз  кылууда  ооматтарды  каалады. 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад облКБКнын инспектору А.Айдаров