Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРОФСОЮЗ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ.

2020-жылдын 19-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинде Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу жыйын өттү. Жыйынга  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин адиси К.Акимов, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимовдор келип катышышты.  Жыйында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларын жана алар аркылуу бардык просоюз мучөлөрүн куттуктады жана кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн социалдык–экономикалык кызыкчылыктарын коргоодо, аларга эмгектик жана турмуш-тиричилик  шарттарды түзүүдө социалдык өнөктөштөктү жакшы жолго коюу менен эмгектенип жатышкан баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларына сыйлыктарын тапшырды. Баткен районундагы К.Абдраимов атындагы орто мектептин БКБУ төрагасы С.Тойчуев, Бужун орто мектебинин БКБУ төрайымы Б.Тажибаева, Жаңы-Жер орто мектебинин БКБУ төрагасы С.Сайданов КР «Билим, илим  профсоюзунун мыктысы» төш белгиси менен, А.Жоробаев атындагы орто мектебинин БКБУ төрагасы К.Калбаев, “Эдельвейс” балдар бакчасынын БКБУ төрайымы Ч.Пайзилла к.,  Газ орто мектебинин БКБУ төрагасы А.Атабаевдер Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин  Ардак грамотасы менен сыйланышты.

Баткен РПКнын жетектөөчү адиси    Б. Абдыразакова