Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз-коомдун лидери,мугалим анын күзгүсү.

Профсоюз-коомдун лидери,мугалим анын күзгүсү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан жылдагыдай эле мугалимдердин эс алуусун жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн акча каражаттар бөлүнүп берилген.Бирок өлкөбүздө түзүлгөн чукул кырдаалга карап,COVID-19 оорусуна каршы күрөшүү үчүн №2 К.Осмонкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин баштапкы уюмунун башчысы Ирсалиева Алима, “Байчечекей”бала бакчасынын башчысы,профсоюз уюмунун Жала-Абад облусу боюнча демилгечи тобунун мүчөсү М.Утурбаева жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы К.Султановалардын демилгеси менен эс алуу үчүн болунгөн акча каражатка мугалимдер өздөрүнүн колдорунан келишинче кошумча акчаларды кошушуп элдик штабка тапшырышты.Мугалимдер жамааты К.Осмонкулов атындагы орто мектептин спорт залын күндүзгү стацианарга даярдап беришти.Ал эми №8 М.Фрунзе атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун башчысынын жетектөөсү менен жарандарга беткап кийүүгө,санитардык каражаттарды колдонууга чакырыктарды уюштурушту.