Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз комитетинин кезексиз отуруму.

И. Арабаев ат. КМУнун профсоюз комитетинин кезексиз отуруму онлайн режиминде өткөрүлдү. Күн тартибинде:                 1. Пандемия учурундагы окутуучулардын жана кызматкерлердин саламаттыгы. (Э.Ш. Бектуров, профбюро төрайымдары)
  1. Сыркоолоп жаткан жана дары дармек алганга мүмкүнчүлүгу аз болуп жаткан окутуучуларга жардам берүү маселеси. Э.Ш. Бектуров.
  2. Ар түрдүү маселелер.
    Биринчи суроо боюнча бул илдетке чалдыгып андан жакшы болуп кеткендери да, учурда дарыланып жаткандары боюнча профбюрор төрайымдары маалымат беришти. 
    Тилекке каршы бул илдеттин кесепетинен өтүп кеткен дагы окутуучуларыбыз бар. Профкомдун төрагасы Э.Ш. Бектуров жайкы эс алууга каралган профбюджеттеги акча каражатын сыркоолоп жаткан муктаж окутуучуларга жардам катары берели деген сунушун профком мүчөлөрү бир добуштан колдошту.
    Бул жардам экинчи ирет берилүүдө.  Жалпы суммасы 136 000( жүз отуз алты миң сом) ар бир курамдык бөлүм дөргө берилет. Соңунда бардык профком мүчөлөрү каалоо тилектерин айтып жараткандан жалпыбыз сурансак жеңилинен берет деп бата кылып жыйынтыкталды.