Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Профсоюз-ишенимдүү тирегибиз!» темасындагы облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү

             2017-жылдын  3-ноябрында Ноокен районундагы Кочкор-Ата шаарынын №28 Ч.Айтматов  атындагы орто  мектебинде  “Профсоюз-ишенимдүү тирегибиз!”  темасында облустук  профсоюздук иш-чара  болуп  өттү.

            Иш-чарага  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы  А.А. Исмаилов, обкомдун  жооптуу  кызматкерлери, Ноокен райондук  мамлекеттик   администрациясынын  башчысынын  орун  басары  Бекжигитова  Н.А, Ноокен  райБББнун башчысы Козуев Б.С.,Ноокен  райКБКнын  төрагасы  Нышанов К.К., Жалал-Абад шааркомунун  төрагасы Акунов К.Ж, Сузак  райкомунун  төрагасы Орозалиев А.Ж, Аксы райкомунун   төрагасы  Камчыбеков  С.К, 94 баштапкы  профсоюздук  уюмдун  төрагалары, ардагерлер, жаш  мугалимдер,  чакырылган  меймандар катышты.

          Иш –чаранын 1-бөлүгүндө “Мыкты профсоюз уюму-2016” кароо-сынагында облуста биринчи, республикада  3-орунга  татыктуу  болгон     №28 Ч.Айтматов атындагы орто  мектебинин жамаатынын “Профсоюз-жамааттын  күч  -кудрети” темасындагы  профсоюз   уюмдарды,  мугалимдерди  даңтаган  жана  даңагазалаган концерттик программасы катышуучуларга   тартууланды.

           Иш-чаранын  2-салтанатуу бөлүгүндө Ноокен райкомунун  төрагасы  К.К.Нышанов  жана №28 Ч.Айтматов  атындагы  орто  мектебинин профсоюздук  уюмунун төрайымы  Г.Ж.Султанова  тарабынан  профсоюз   мучөлөрүнө  көрсөтүлүп  жаткан  камкордуктар жөнүндөгү маалыматтар  слайддар  менен  берилди.

           3-бөлүгүндө “19-октябрь- Социалдык жана профсоюз  кызматкерлеринин  күнү”  майрамына  карата профсоюз  лидерлерди  жана  катышуучуларды обкомдун  төрагасы  А.Исмилов, райакимдин  орун  басары  Н.Бекжигитова, райБББнун  башчысы Б.С.Козуев, Сузак  райкомунун  төрагасы А.Ж.Орозалиев, “Кыргыз Республикасына  эмгек   сиңирген мугалим”-№28 Ч.Айтматов  атындагы  орто  мектебинин  ардагер  мугалими  В.К.Рыскулова,”2017-жылдын- мыкты мугалими” облустук кароосунун гран-присинин жеңүүчүсү-У.Уметовтор кутукташып, каалооларын  билдиришти.

          4-бөлүгүндө “2017-жыл Ыйман, адеп  жана тармакта  укуктук  маданиятты  жогорулатуу”  урааны  астында  өткөрүлгөн иш-чаралардын  жыйынтыктарынын  негизинде алдынкы  профсоюз  лидерлерине,  социалдык  өнөктөштөргө   Борбордук  Комитеттин “Билим жана илим  профсоюзунун  отличниги” төш  белгиси, облустук, райондук “Ардак  Грамоталарды” , ардагерлерге “Билим  берүү нүн Ардагери”төш  белгилерин, жаш  адистерге профсоюздук билеттерди  жана белектерды  жетекчилер тарабынан тапшырылды. “Ноокен районунун билим берүүсүнүн Ардагери” төш  белгиси менен сыйланган  обкомдун  бөлүм  башчысы  А.Т.Бегматов Ноокендик  кесиптештерине иштеринде   ийгиликтерди каалап, ыраазычылыгын билдирди.

            Облустук комитетин төрагасы  А. Исмилов “иш-чараны жыйнтыктап, 2017-жылдын- мыкты мугалими” облустук кароосунун гран-присинин жеңүүчүсү-У.Уметовго Египитте эс алуу  үчүн  жолдонмонун сертификатын, социалдык өнөктөш-райБББнын башчысы Б.С.Козуевке “Ыссык-Ата”  санаториясына жолдонмо, №28 Ч.Айтматов  атындагы  орто  мектебинин  жамаатына Ыссык-Көлгө эс алууга жолдонмолорду тапшырды. Катышуучулардын  атынан  мектептин директору  К.Мажитов ыраазычылыктарын билдирди.

Материалды  даярдаган: А.Айдаров-Жалал-Абад   обкомунун  инспектору