Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз-бул элдин эмгегин баалаган уюм. Кесиптик майрамыңыздар менен урматтуу кесиптештер!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 20-октябрь күнү бардык кызматкерлерди 19-октябрь-социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлернин күнү менен куттуктады.Өлкөдө кооптуу кырдаалга байланыштуу онлайн форматта  жана жекече жолугушуу аркылуу шаардык комитет тарабынан Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек Токтогулов Токтогуловичтин,Обкомдун төрагасы Абдыкахар Арапович Исмаиловдун  жеке  куттуктоолору кызматкерлерге электрондук почта аркылуу жана шаарком тарабынан жеткирилди. Баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага,төрайымдарына билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык,укуктук кызыкчылыктарын коргоодо,коомдук иштерге активдүү катышкандардын эмгеги бааланып:  “Билим,илим профсоюзунун отличниги төш белгиси”, Борбордук Комитеттин,Обкомдун,шааркомдордун Ардак грамоталары жана чакан белектери  тапшырылды. “Билим,илим профсоюзунун отличниги төш белгисин” Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.А.Асаналиевдин өз колу менен тагылып,пандемия учурунда шаардагы ооруу менен күрөшүүдө чоң салым кошкон профсоюз уюмуна ыраазычылылык билдирди.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди  билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык комитеттин атынан 19-октябрь профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Профсоюз кыймылынын өсүп өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ар бир кызматкерге үй- бүлөлүк бакыт таалай, чың ден соолук жана бейпил жашоо каалаймын.

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева