Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Профсоюз-биздин жаркын келечегибиз”

Таш-көмур шаарына караштуу №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы  “Профсоюз-биздин жаркын келечегибиз” аттуу жыйынтык семинарын өткөрдү.

Бул семинарда профсоюз уюмунун башчысы Б.Алимжанова 2019-жылдагы аткарылган иштер жөнүндө кеңири маалымат берди. Мектептеги заманбап жасалгаланган конференц-залда жамаат менен биргеликте өткөн жылдын отчету угулуп, жаңы 2020-жылга карата жылдык план жактырылып, кабыл алынды.

Б.Алимжанова: №11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчу орто мектебинде 31 мугалим, 16 кенже кызматкерлер эмгектенет. 2019-жыл биздин мектеп үчүн жемиштүү жылдардан болгонун баса белгиледи.

Профсоюз уюму  мугалимдердин ден соолугуна кам көрүү боюнча бекер медициналык кароодон өткөрүлдү. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелер менен тааныштырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Үч тараптуу жана эки тараптуу келишимдер түзүлүп, толугу менен ишке ашууда. Окуу жылынын башталышы менен администрация менен биргеликте  сабактардын жумалык жүктөмдөрү мыйзамга ылайык бөлуштүрүлүп берилди.

Мугалимдерди массалык маалымат каражат менен камсыз кылуу жагы жогорку деңгээлде колго алынып, акылдуу доска, компьютердик кабинеттер ачылып,  “Кут билим сабак”, ”Дил”,  “Таш-Көмүр жарчысы”,  “Мугалимдер дүйнөсү” газеталарына жазылышкан. Ошондой эле мугалимдер ачык сабактардын иштелмелерин байма-бай жарыялап турушат.

Май айында мектептин 30 жылдык юбилейи белгиленип, алдыңкы чыгармачыл жана коомдук иштерге активдүү катышкан мугалимдерибизге Обкомдун жана Шааркомдун ардак грамоталары менен сыйланышты.

Профсоюз уюму тарабынан даталуу күндөрдө майрамдык кечелер,белектер жана ар кандай көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлуп турду. Жайкы эс алуу күндөр жогорку деңгээлде уюштурулду. Мугалимдердин балдарынын эс алуусу дагы эске алынып, “Сары-Челек” лагерине жолдомолор берилди.

Профсоюз уюмунун жылдык аткарган иштери  жалпы добуш менен “канааттандырарлык” деп табылып, 2020-жылга карата жана “Региндорду өнктрүү жана санариптештирүү,балдарды коргоо жылына” карата түзүлгөн иш планы жактырылып,кабыл алынды.

№11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин техникалык базасы чыңдалып, тегерек чекелери короолонуп, иш берүүчү тарабынан мугалимдерге эс алуу болмосүн уюштуруу менен жакшы шарт түзуп берүугө жаш директор Н.Жолдошева өзүнүн билимин, уюштуруучулук жөндөмүн аябай келгендиги үчүн жамааттын атынан жана профсоюз уюму тарабынан ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле жаңы жылда жаңы ийгиликтерди жаратууга жамаатка ишени билдирди.

 

Материалды даярдаган:

№11 М.Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин

профсоюз уюмунун башчысы 

   Б.Алимжанова.