Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз- достуктун, ынтымактын, биримдиктин демилгечиси

    Билим берүүнүн, муниципалдык кызматтын, профсоюздун  ардагери Мамасалы агай Гүрөңовдүн демилгеси жана профсоюздун ардагери Абдурахим агай Айдаровдун уюштуруучулугу  менен 2017-жылдын  12-июлунда ОшМУ(ОМПИ)нун 1974-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушусу  Өзгөн районунун  Ийри-Суу  айыл  аймагында бөлүп өттү.

    Жолугушу аземине Кыргызстандын 7 дубанынан жана Бишкектен 15 билим берүү  тармагынын ардагерлери келишти. Иш-чара 6 саат  уланып, билим берүүнун  аксакалдары төмөнкү  темалар боюнча: Кыргызстандын бугуну жана  келечеги, мамлекеттеги элдердин достугу  жана  биримдиги, билим  берүү тармагындагы  ийгиликтер жана көйгөйлөр, тармактын кызматкелерине  көрүлүп жаткан  камкордуктар, тармактык  профсоюздун жетишкендиктери, үй-бүлөдө, ишкана-мекемелерде, коомчулукта биримдикти бекемдоо каада-салттары жөнүндө ой-пикирлер бөлүшүп баарлашты.

   Билим берүү тармагынын ардагерлерине көрүлүп  жаткан камкордуктардан ыраазы экендиктерин кубануу  менен маалымдашты.

  Жолугушууда 43 жылдан кийин жүз көрүшкөндөр  мындай  иш-чараны жылына өткөрүп түрүү  өтө зарыл, керектүү, руханый  дем жана күч-  кубат берүүчү  азем экендигин белгилешти.

   Ардагер кесиптештер М. Гүрөңовдүн  үй-бүлөсүнө  жана  уюштуруучуларга  ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган:Жалал-Абад ОКнын инспектору- А.Айдаров.