Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профлидерлердин таймашынын 2-туру

2017-жылдын 3-майында «Мыкты  кесиптик  уюм  жана  төрагасы-2016»  кароосунун  жеӊүүчүсү болгон №11  Э.Алиев атындагы  орто  мектебинин  жана  №26 «Ак-Шоола» бакчасынын  базаларында «2017-жыл-Ыйман, адептүүлүк  жана  маданият»  жылынын жана  Борбордук  Комитет  тарабынан  жарыяланган  «Тармакта адептүүлүк жана  укуктук  маданиятты  жогорулатуу!» ураны  астындагы иш-чаралардын  алкагында «Ыймандуу, адептүү  инсан-жогорку  маданияттуу  кызматкер» темасында  райондо  уюштурулган   профсоюздук  иш-чаранын  2-туру  болуп анда 94 баштапкы  кесиптик  уюмдун лидерлери катышты.

Иш-чаранын 1-бөлүгүндө «Ыймандуу, адептүү  инсан-жогорку  маданияттуу  кызматкер» темасында  райондук  профлидерлердин таймашынын  2-туру Сакалды  жана Ноокен айыл  аймактарынын командаларынын  ортосундо атаандаштыкта жана  кызыктуу  өтүп, анда Сакалдынын «Достук»  командасы  41упай, Ноокендин «Ынтымак»  командасы 38  упай жыйнады.                                                                        

  Таймашта төмөнкү  шарттар  аткарылды:1.Саламдашуу. 2.Команданыны  эмблемасын  коргоо.3.Мыйзамдар, нормативтик  документтерден  берилген суроолорго  жооптор.4.Капитандардин таймашы.5.Жылдын  тематикасы  боюнча  макал  лакаптар.6.Уй тапшырмасы: Тармактагы  көйгөйлөрдү  чагылтыруу  жана  мыйзамдуу  чечүү жолдорун сунуштоо.

Таймаштын  жүрүшүндө «Накыл сөздөр» китебинин «Күндөлүк турмуштагы  адептерди  биле  жүр» бөлүгүнөн  үзүндүлөрдү №30 Дамашев  атындагы орто  мектебинин  профкому Аманбаева Жумагул окуп  талкууга  койду. Кароого райондук  комитеттин эмгекти корго боюнча техникалык  тескөөчүлөрү  калыстык  кылышты. Кароо  жыйынтыгында Сакалдынын командасы  жеӊишке  ээ болду.

Иш-чаранын  2-бөлүгүндө райондук  комитеттин  төрагасы К.Нышанов Борбордук Комитет тарабынан  уюштурулган республикалык семинардын материалдары  боюнча кеӊири  маалымат  берди.

Борбордук Комитет  Президиуму  тарабынан  бекитилген «Профсоюз  кызматкерлеринин Этикасы жөнүндөгү»  Жобо менен №31  Татыкулов атындагы  орто  мектебинин  профкому Сагындаева Арапкан слайд  менен тааныштырды.

Андан  кийин иш-чаранын  3-бөлүгүндө мектептердин профкомдору  №11 Э.Алиев  атындагы орто  мектебинин  администрациясы  менен  кесиптик  уюмунун биргеликтеги аткарган  иштери  боюнча маалыматтары менен слайддар аркылуу таанышышты.  Алдындагы  милдеттерге токтолуп райондук  комитеттин төрагасы К.Нышанов иш-чараны  жыйынтыктады.

 Бакчалардын  профкомдору  №26 «Ак-Шоола» бакчасында «Мектепке чейинки  билим  берүү   мекемелеринде  коопсуздукту  камсыздоо»  темасындагы  сабактар  жана  практикалык эвакуация иштери  менен  таанышышты. Бакчанын  жетекчилиги жана кесиптик уюму  тарабынан  аткарылган  иштер  боюнча  маалымааттарын  угушту. Бакчанын жамаатынын  ишмердигине баасын берүү  менен семинарды райКБКнын  тескөөчүсү  А.Айдаров жыйынтыктады. Иш-чара катышуучуларына усулдук таркатма  материалдар берилди.

Материалды даярдаган:РайКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.