Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиумдун кезектеги отуруму

       8-август күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өткөрүлдү. Президиум төмөндөгү маселелерди карады:

Күн тартиби

  1. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин

    профсоюзунун Борбордук Комитетинин Жаштар кеӊеши тууралуу

    Жобосун облуста турмушка ашыруу (реализация) жөнүндө.  

  1. Укук  жана  эмгек боюнча  техникалык инспектор жөнүндөгү  ЖОБОну  бекитүү жөнүндө.
  2. Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад облустук  комитетинин профсоюздук  билим  берүү  Борбору  жөнүндөгү   ЖОБОну бекитүү жөнүндө.
  3. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн инспектор, методисттери жөнүндөгү жобонун долбоору менен тааныштыруу жөнүндө.

       Күн тартибинде каралган маселелер боюнча обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, обкомдун башкы укук жана техникалык инспектору А.Айдаровдор билдирүүлөрдү жасашты.

       Каралып жаткан маселелер боюнча  А.Орозалиев (Сузак), А.Каракозуева (Кара-Көл), Ы.Кудайбердиев (Чаткал), Б.Джураева (Майлуу-Суу), К.Нышанов (Ноокен), өз ойлорун ортого салышып, конкреттүү сунуштарын билдиришти.

       Президиум күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү токтомдорду кабыл алды.

       Обкомдун Август, Сентябрь айларында аткарылуучу иштеринин пландары бекитилди.

     Президиумду обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.

Обкомдун уюштуру бөлүмү