Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРЕЗИДИУМДА - МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕР

2017-жылдын   23-майында Баткен райондук комитеттин Президиуму болуп өттү. Президиумда  төмөнкү маселелер каралды:

             

  1. Токтогул, Б.Нуралиев, Ж.Байжигитов атындагы, Чоң-Талаа  орто мектептеринин, “Алтын балалык”, “Балакай”, “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин  баштапкы кесиптик бирлик  уюмдарында  социалдык өнөктөштүктү жүргүзүүнүн абалы жөнүндө,
  2. С.Эрматов, З.Абдукаримов атындагы орто мектептеринде, “Жаш балапан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде жетекчиликтин жана   баштапкы кесиптиик бирлик уюмдарында кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо, дем алуусун уюштуруу боюнча иштеринин абалы жөнүндө.

 

Күн тартибиндеги маселелер боюнча аталган баштапкы уюмдардагы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө текшерүүчүлөрдүн жана баштапкы уюмдардын төрагаларынын маалыматтары угулду. Көңүл бурулбай калган айрым кемчиликтерди жумуш берүүчүлөр менен  биргеликте четтетүү, кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, укуктарын коргоо боюнча иштерди активдештирүү тапшырмасы берилди.

Президиумдун отурумун Баткен райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев алып барды.

 

РКПнын адиси                                         Б.Абдыразаков