Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум жыл жыйынтыгына арналды

2013-жылдын 13-декабрында профсоюздун Жалал-Абад обкомунун президиумунун  кеңейтилген жыйыны өткөрүлүп, ал жыл жыйынтыгына арналды.

      Президиумдун башкы маселеси катарында «Кесиби  боюнча мыкты» республикалык  кароо-сынагынын облустук турунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр түрдүү даражадагы дипломдор жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

      Кароо-сынакты уюштуруп  өткөрүүдө Жалал-Абад, Аксы, Кара-Көл, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон райшааркомдорунун (төрагалары З.Тургунбаева, А.Бабакулов, А.Каракозуева, А.Айдаров, А.Исмаилов, Б.Калимбетов) демилгелүү иштешкендиктери белгиленди.

      Өнөктөштөр, иш берүүчүлөр, мугалимдер, баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери кароо-сынактын «Жобосуна» ылайык сыйланды.

      Президиумдун ишине билим берүүнүн Жалал-Абад облустук усулдук борборунун директору А.Токтосунов жана профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасынын орун басары Л.Ахмадалиевдер катышышып, сыйлыктарды тапшырышып, профсоюздук кыймылды  өнүктүрүүдө алдыда турган милдеттерге токтолушту.

      Президиумдун ишин обкомдун төрагасы К.Мурзакмотов алып барды. Ал сыйлануучуларды  куттуктап, «Иштерман жылында» колго киргизилген ийгиликтерди белгилөө менен 2014-жылда аткарылуучу приоритеттүү маселелерге басым жасады.

 

                                               Обкомдун уюштуруу бөлүмү