Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум өткөрүлдү

Жакында билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин кезектеги президиуму өткөрүлдү. Анын күн тартибинде 7 маселе каралды.

Президиумдун жыйынына мүчөлөрдөн тышкары бардык райондук шаардык комитеттердин, окуу жайлардын профкомдорунун, обкомго түз баш ийген баштапкы кесиптик бирликтердин төрагалары катышышты.

      Билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун   Тогуз-Торо райкому тарабынан жамааттык келишимдердин жана үч тараптуу макулдашуулардын түзүлүшү, алардын билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдөгү ролу жөнүндө.

     2016-жылдын жайкы эс алуу өнөктүгүнүн жыйынтыктары

     Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин Таласта өткөн (көчмө) пленумунун токтомдорун турмушка ашыруу боюнча обкомдун иш-чараларын бекитүү жөнүндө.

     Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мугалимдерди аттестациялоонун тартиби тууралуу жобону ишке ашыруу жөнүндө.

     Борбордук Комитеттин ведомстволук архивине профсоюз документтерин даярдоо жана өткөрүү боюнча методикалык сунуштарды аткаруу жөнүндө.

     Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук, райондук жана шаардык комитеттеринин Ардагерлерлерин «Улгайган адамдардын айлыгынын» алкагында сыйлоо жөнүндө. 

  Ар түрдүү маселелер.

     Жыйында жогорудагы маселелер боюнча кеӊири маалыматтар берилди. Андан кийин талкуу уюштурулуп, катышуучулар тарабынан ой-пикирлер айтылып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.                          

     Профсоюздар күнүнө карата демилгелүүлүк менен иштеген кызматкерлер Борбордук комитеттин, обкомдун жана профсоюздардын областтык кеӊешинин төш белгилери, Ардак Грамоталары менен сыйланды. Жыйын соӊунда профсоюздун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

     Президиумдун ишин обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү. 

Обкомдун уюштуруу бөлүмү