Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум

01.03.2013 күнү Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин профсоюз комитетинин кезектеги президиуму болду. Күн тартибинде төмөнкү маселелер талкууланды:

  1. ОшМСУнун профсоюз комитетинин төрагасынын (отчеттук кайра шайлоо конференциясы) шайлоо күнүн белгилөө.
  2. Отчеттук кайра шайлоо конференциясына делегаттардын квотасын бекитүү.
  3. Баштапкы профсоюз уюмдарында конференцияга делегаттарды шайлоонун графигин бекитүү.
  4. Ар кыл маселелер.

Президиумду ОшМСУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, м.и.к., Ч. Мамажакып уулу ачып, 2013 жылдын 27-март күнү комитеттин отчеттук кайра шайлоо конференциясын өткөрүү сунушун айтты. Бул боюнча ОПК жана университет жетекчилиги менен да макулдашылгандыгын кошумча белгиледи. Ошондой эле ал өз сөзүндө шайлоону профсоюздар тууралуу мыйзамдын жана уставдын негизинде таза, калыс өткөрүүнү кошумчалады.

Күн тартибиндеги маселелер талкууланып, 2013 жылдын 27-мартында ОшМСУнун профсоюздук комитетинин төрагасын шайлоо чечими кабыл алынды. Баары болуп конференцияга 111 делегатка квота бөлүндү.