Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИА

АЙЫЛ ЖАШТАРЫНА ҮЛГҮ БОЛГОН СТУДЕНТ.

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Кыргыз-Россия факультетинин 4-курсунун студенти, "Русский язык? Легко" акысыз тил курсунун негиздөөчүсү жана КРнын Президентинин "Үмүт" стипендиясынын ээси Аида Атабаева Ноокат районунун Нойгут айылынын жаштары менен жолугушуп, жакындан маек куруп келди.

Жолугушуу "Нойгут жаштары" фонду жана "Нойгут" орто мектеби тарабынан учурда жаштарга үлгү болуп, ийгиликтүү жаштарды ар тараптан колдоо максатында уюштурулду.

Иш чарага Кара-Таш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Нойгут айылынын башчысы, мектеп жетекчилиги, айылдын тургундары жана окуучулар катышып, натыйжада Аида Атабаева аталган айыл өкмөттүн жана мектептин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгына ээ болду. Жолугушууда Аида жаштардын ар тараптуу суроолоруна жооп берүү менен окуучуларды татыктуу билим алууга үндөп, аларга ийгилик каалап, уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирди.

Бул саамалык учурда ийгилик тепкичин аттап келе жаткан жаштарга өтө чоң дем-күч берээрин ошондой эле бул сыяктуу иш чаралар байма-бай уюштурулуп турса, келечек ээлери болгон жаштардын туура нукка калыптануусуна мыкты түрткү болоорун жергиликтүү жетекчилер баса белгилешти.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу