Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президенттен окуучуларга белек

Туз айыл айылындагы Ашыралы Айталиев атындагы орто мектебинде жакшы саамалык болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков аталган мектепке заманбап үлгүдөгү информатика кабинетин жабдуулап, 31 даана компьютер жана интерактивдик такта белекке тапшырган. Жаңы жабдууга ээ болгон класстын ачылышына Президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов, Чүй областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова, Ысык-Ата районунун акими Калмырза Кожомкулов, акимдин орун басары Айша Орозобекова, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Болот Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиев жана башкалар катышышты.

 

 

Материалды даярдаган Тыныбекова Бактыгул