Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленумдун токтомдорун ишке ашыруу негизги милдетибиз

2021-жылдын 25-августунда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитеттин кезектеги пленуму Ысык-Көл областынын Тоң районунда  жайгашкан “Красная Гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунда болуп өттү.

Пленумда Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун баяндамасында кесиптик бирлик уюмдары пандемия шартында уюшкандыкты, биримдикти жана ынтымактуулукту көрсөтүшкөнүн, оор шарттарда мүчөлөрүн колдоо чараларын жакшы уюштургандыгын белгиледи.

Ошондой эле кесиптик бирлик уюмдарынын алдындагы милдеттерин ачык, айкын көрсөтүп берди.

Кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлүгүн коомчулукка жеткирүүнүн түрдүү формаларынан кеңири пайдалануу жолдору жана жаңы формалары сунушталды.

Областтын бардык кесиптик бирлик уюмдарын пленумда айтылган сунуштарды жана токтомдорду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды белгилешти жана аны жүзөгө ашыруу боюнча бардык аракеттерди көрүшүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын жооптуу кызматкери З.Сулайманов