Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум болуп өттү

          Жакында Билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлигинин Кемин райондук комитетинин Пленуму болуп өттү. Пленумдун күн тартибинде:
Кемин райондук мамлекеттик администрациясын, Кемин райондук билим берүү бөлүмү, Билим берүү кызматкерлеринин Кесип бирлигинин  Кемин райондук комитетинин ортосунда  2014-2017 жылдарга  түзүлгөн  үч тараптуу келишимдин аткарылышы каралып,  бул маселе боюнча Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары А.З.Курманалиева, Кемин  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.С.Алиева жана Билим беүү кызматкерлеринин  кесип бирлигинин Кемин райондук комитетинин  төрайымы А.Т. Чылабаеванын маалымдамасы  берилди. Үч тараптуу келишимде көрсөтүлгөн  "Мугалимдин статусу", "Билим берүү" мыйзамдарында каралган билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлерди социалдык жактан коргогон беренелердин ишке ашырылып жаткандыгы баса белгиленди. Күн сайын айыл өкмөттөрдүн  бюджетинин эсебинен мугалимдерге төлөнгөн коммуналдык жактан жардамдын суммасы өсүүдө. Башкача айтканда 2016-2017-жылга  1.650.000 (бир миллион алты жүз элүү мин ) сом акча каражаты бөлунгөн. Мугалимдер жыл сайын акысыз медициналык кароодон өтүп турушат.
        Пленумда   2017-2020-жылдарга  жаны үч тараптуу келишим түзүлдү. Бул үч тараптуу келишимде өзгөчө жаш адистерге айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен  акча каражатын бөлүү боюнча маселелер коюлду.
     Пленумдун акырында  Кемин райондук мамлекетттик администрациясынын "Ардак Грамотасы" алдынкы профсоюз  жетекчилерине тапшырылды.