Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык усулдук кеңешме өткөрүлдү

2021-жылдын 10-сентябрында А.Садыков атындагы Маданият үйүнүн залында Тогуз-Торо районунун мугалимдеринин “Сапаттуу тарбия берүү жана окутуу өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана өркүндөшүнүн кепилдиги” деген темада педагогикалык усулдук кеңешмеси өткөрүлдү. Педагогикалык усулдук кеңешме башталганга чейин маданият үйүнүн фоесинде 2020-2021-окуу жылында райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептери тарабынан жасалган иштер жана жетишкен ийгиликтерин чагылдырган фото стенддери жана окуу фестивалынын галериясы тааныштырылды. Андан соң райондук жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдерине арналган концерттик программа тартууланды.

Педагогикалык усулдук кеңешмеде 2020-2021-окуу жылындагы аткарылган иштери жана жетишкендиктери тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев доклад жасады. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Т.Салиманов мугалимдерди 2021-2022-жаны окуу жылы менен куттуктады. Мындан сырткары билим берүү жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы З.Ажыбаев, насаатчы мугалимдердин атынан КРнын эмгек сиңирген мугалими А.Базарова, “2021-жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсү К.Бейшеева, мектеп директорлорунун атынан Н.Атамкулова, жаш  мугалимдердин атынан №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими Артылбек кызы Айзат, “Тогуз-Торо райондук камкорчулук кеңештеринин ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасы Т.Орокбаев, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери А.Садыровалар куттуктоо сөз сүйлөштү.

2020-2021-окуу жылындагы алгылыктуу ийгиликтерди жараткан жалпы билим берүүчү орто мектептеринин эмгек жамааттарына жана айрым мугалимдерге “Жылдын мыкты мектеби”, “Жылдын мыкты класс кабинети”, “Жылдын мыкты класс жетекчиси”, “Жылдын мыкты семинары” наамдары берилип, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кеңешменин соңунда педагогикалык кеңешменин резолюциясы кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райондук кесиптик бирлик комитети