Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык кызматкерлердин конференциясы

2021-жылдын 14-сентябрь күнү Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында билим берүү уюмдарынын “Сапаттуу билим берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия - өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи” деген аталышта педагогикалык кызматкерлердин конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы-аким Д.М.Сатыбалдиев, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондогу мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана чакырылган коноктор катышты. Жетекчилер педагогдорду жана билим берүү кызматкерлерин жаңы 2021-2022-окуу жылы менен куттукташып, жаңы дем менен ишти баштап, окуу жылды ийгиликтер менен үзүрлүү алып кетүүнү каалашты.   

Конференцияда 2020-2021-окуу жылында билим берүү тармагында болгон жетишкендиктер, алдыда боло турган иштер боюнча маалыматтар берилип, билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында жаңы технологиялар менен иштөө, ички жана тышкы инвестиция тартуу менен билим берүү тармагынын материалдык техникалык базасын чыңдоонун үстүндө эмгектенүү  сунуштары айтылды.

Конференциянын  жүрүшүндө мугалимдерге жана билм берүү кызматкерлерине билим берүү тармагында үзүрлүү иштеп, билим жана тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн “Ардак грамоталар” жана  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук  комитети тарабынан “2021-жылдын мыкты мектеби”,  “2021-жылдын мыкты бала  бакчасы”, “2021-жылдын мыкты усулдук каанасы” боюнча райондук сынактарда 1-орундуу ээлеген билим берүү мекеме-уюмдарына баалуу белектер тапшырылды. 

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов