Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык кеңешмелер болуп өттү

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында билим берүү кызматкерлеринин кеӊешмесине райондогу мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, чыгармачыл мугалимдер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген мугалимдер, ардагер мугалимдер жана педагогикалык жолун алгачкы ирет баштап жаткан  жаш педагогдор чакырылган. Август кеӊешмесине Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Раматов,  акимдин биринчи орун басары Р.Мырзакулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Муратов жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов катышты. Конференцияда райондук билим берүү бөлүмү жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2020-2021-окуу жылында аткарылган иштер видеослайд аркылуу кеӊешменин катышуучуларына көрсөтүлдү. Жаӊы окуу жылында аткарыла турган иштер, милдеттер белгиленди жана кайрылуу кабыл алынды.

2020-2021-окуу жылында өткөрүлгөн кароо-сынактардын  жыйынтыктары чыгарылып,  байгелүү орундарга жетишкен педагогикалык жамааттар жана алдыӊкы мугалимдер Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын,  райондук билим берүү бөлүмү жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин диплому, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.   Ошондой эле алдыӊкы чыгармачыл мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери  тапшырылды.

Кара-Суу районунда да 10-сентябрда билим берүү кызматкерлеринин кеңешмеси өткөрүлдү. Педагогикалык кеӊешмеде "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын ээлери, ЖРТда окуучусу 200дөн жогору балл алган мектептер, олимпиаданын жеңүүчүлөрү  райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү, райондук профсоюз   комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.  Ардагер мугалимдерге жана жаш адистерге атайын белектер тапшырылды.

Араван районунун билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык кенешмесине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Кулбаев катышып, келечек пландар жөнүндө сөз сүйлөдү. Областтык жана райондук кесиптик бирлик комитеттеринин Ардак граматаларын, баалуу белектерин райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Б.Турдубаев тапшырды.

Ноокат районунда мугалимдердин кеңешмесине райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.Иманалиев, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик  комитетинин  төрайымы Н.Тажибаева,  мекеме-ишканалардын  жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, мугалимдер катышты. Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Асанбаев «Сапаттуу билим берүү жана рухий-адеп-ахлактык тарбия берүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизи»  аталышында баяндама жасап, анда Ноокат районунун аймагындагы билим берүү тармагынын жетишкендиктери, артыкчылыктары, өнүгүүлөр жана өзгөрүүлөр боюнча маалымат берди.

Алай районук  билим берүү кызматкерлеринин кеңешмеси райондук маданият сарайында болуп өттү. Билим берүү кызматкерлеринин кеңешмесине  Алай райондук мамлекеттик адмистрациясынын башчысы- акимдин биринчи орун басары Б.Осмонов,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Мусаев, областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Абдыкадыров, Ош билим берүү институнун башкы адиси Ж.Ныязова жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери  Кыргыз Республикасынын  билим беүүсүнө эмгек сиңирген мугалимдер, жана алгачкы ирет педагогикалык жолун баштап жаткан жаш адистер да катышты. Август кеңешмесин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  М.Мусаев ачты. Конференциянын жүрүшүндө  райондук билим берүү кызматкерлеринин  2020-2021-окуу  жылында  аткарылган иштер видеослайд аркылуу кеңешменин катышуучуларына көрсөтүлдү. Жаңы окуу жылына аткарыла турган иш пландар, милдеттер белгиленип, кайрылуу кабыл алынды. Алдыӊкы мугалимдер Алай райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин диплому, Ардак грамота, акчалай  сыйлыктар менен сыйланышты.  Ошондой эле алдыӊкы чыгармачыл мугалимдерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитетинин Ардак граммоталары жана баалуу белектери тапшырылды.

Чоң-Алай районунун билим берүү кызматкерлеринин кеңешмесинде райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  Ташмаматов Кубанычбек сөз сүйлөп, Ардак грамоталарды  жана баалуу белектерин тапшырды.

Өзгөн шаардык  билим берүү  кызматкерлеринин кеӊешмесинде  жаңы 2021-2022-окуу жылына даярдык жөнүндө сөз болду. ЖРТда окуучулары 193 балл алган мектептер, олимпиаданын жеңүүчүлөрү, райондук мамлекеттик администрациясы, мэриянын, шаардык  билим берүү  бөлүмүнүн, шаардык профсоюз комитети тарабынан дипломдору жана акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ардагер мугалимдерге жана жаш адистерге  акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети