Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык кеңешмеде маанилүү маселеле талкууланды

2021-жылдын 13-сентябрында Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында “ Сапаттуу билим  берүү жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүсүүнүн  негизи” деген маселеленин алкагында Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин 2021-2022 – жаңы окуу жылынын ачылышына карата кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М.Исаков, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.А.Кыдырова катышып, областтын жана райондун билим берүү тармагында жетишилген ийгиликтерге жана чечүүнү талап кылган маселелерге кеңири токтолуп, алдыда аткара турган иштерди баса белгилешти.

Күн тартибиндеги маселе боюнча жарыш сөзгө чыккандар жер-жерлердеги педагогикалык жамааттар, райондук билим берүү бөлүмү жана кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан аткарылган иштерди канааттануу менен белилешип, терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Педагогикалык кеңешменин соңунда алдыңкы мектептерге, балдар бакчаларына жана педагогикалык кызматкерлерге райондук  мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирликтин райондук комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов