Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык кеңешме

Манас  атындагы орто мектебинде  педагогикалык кеңешме чогулушу  болуп өттү. Чогулушка  Токтогул райондук  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова , профсоюз комитетинин төрагасы  Т.Исраилов  мектеп директору  Т. Жуматаев  жана ошондой эле мектеп жамааты толугу менен активдүү катышышып, мектеп директору  педагогикалык  кеӊештин өтүшү  менен тааныштырып  өтүп, ачылыш жасап, мектеп   профкомуна  сөз  берилди. Профком  өткөн  жылдын 2018-2019-окуу жылынын  биринчи жарым жылдыгын отчету менен  таааныштырды. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Д.Сулпукарова  педсоветтин  өтүшү жөнүндө түшүндүрмө жасап өттү. Профсоюз комитетинин төрагасы эмгек  келишими жөнүндө  түшүндүрмө маалыматтарын, эмгек жана укуктарынын корголушу жөнүндө түшүндүрмө жасады. Ошондой эле мектеп жамааты  эмгкек акыларынын  төлөнүшү  мугалимдердин эмгектери корголуп  жатышы менен  профсоюз  комитетинин төрагасынын иши  жакшы деп айтышып ыраазычыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган Исраилов Токтомуш