Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык кеңешме жогорку деңгээлде өттү

Кеңешмеге шаардын мэри А.Халбеков, шаардык кенештин төрагасы К.Мадеминов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исманов, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяров жана бир катар мекемелердин, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ардагер мугалимдер, педагогикалык кызматкерлер катышышты.

Кеңешменин алгачкы бөлүгүндө билим берүү мекемелери тарабынан “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” аттуу көргөзмөсү уюштурулду. Балдар чыгармачылык борборунун жаш таланттары тарабынан концерттик программа менен коштолуп, катышуучулардын жана келген конокторго жакшы маанай тартуулашты.

Жылдын жыйынтыгы менен үзүрлүү эмгеги жана билим берүүгө кошкон салымдары бааланып бир катар мугалимдер, билим берүү мекеме жетекчилери шаардык мэриянын, билим берүү бөлүмүнүн, Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун жана областтык кесиптик бирлик комитетинин сыйлыктары менен сыйланышты.

Коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган “Ардактуу мугалим” төш белгиси алдыңкы жана насаатчы мугалимдерге ыйгарылды. Шаардын мэри А.Халбеков мугалимдерге сыйлыктарды тапшыруу менен жооптуу иштерине ийигиликтерди каалады, ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов окуу жылындагы аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер жөнүндө баяндама жасады.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдоо боюнча сынактын жеңүүчүлөрү атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Кесиптик бирликтин шаардык комитетинин эсебинен жеңүүчүлөргө кошумча сыйлыктар тапшырылды. “Жылдын мыкты мектеп директору”, “Жылдын мыкты бала бакча башчысы”, “Мыкты класс жетекчи” жана “Мыкты ийрим жетекчиси” сыяктуу наамдар татыктууларга берилди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитетинин басма сөз-катчысы Н.Аблакулова