Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Патриоттуулукка тарбиялоо иш-чарасы

2019-жылдын 3-мартында Ноокен районунун борбору Масы  айылында Кыргыз Республикасынын Желеги кабыл  алынган  күн  жана    5-март АК  КАЛПАК күнү  майрамдарына  карата майрамдык  азем  болуп  өттү.

Майрамдык  аземде райондун  акими   Э.С.Маматаев кош  майрам  менен катышуучуларды куттуктап, желек  жана  ак  калпак кырыгызьтандыктар  үчүн  ыйык  экендигин белгиледи. Ар бир  атуул өз  мекенин сүйүү,  аны  көз  карегиндей сактоо ыйык  милдетибиз болуп,  мекенге  ак дил  менен кызмат кылуу парзыбыз деп, татыктуу  уул  кыздар болууга  чакырды.

Менин  классымдан  иш-чарага  катышкан  окуучуларымда  патриоттуулук жөнүндө  жакшы максаттар  жана мекенге  кызмат  кылууга ар  дайым  даяр болуусу сезимдерин  калыптанышына көмөк  болду.

Ушундай иш-чараларга окуучулардын  активдүү  катышуусу аларды   мекенчил болуп  тарбияланышына  кызмат кылат.

РайБББ  менен  райПК  ортосундагы Макулдашууларга  негиз “Жылдын  мыкты класс  жетекчиси”  кароосунун  уюштурулушу  класс  жетекчилерди   изденүү  жана  чыгармачылык  менен  иштоого багыт  берүүдө. Биз  класс  жетекчилер атаандаштыкты өркүндөөтүү  аркылуу кесипкөйлүкү көтөрүүгө багыттылган  иш-чараларды уюштурган   профсоюздук  жетекчилерибизге  ыраазычыктарыбызды  билдиребиз.

 

Материалды  даярдаган:

Ноокен районундагы №29 Я.Мирзаходжаев  атындагы 

орто  мектебинин  9”а” классынын жетекчиси

Нурматова Гулнозахон Ганижановна