Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Пандемия шартында профсоюздук ишмердүүлүктү уюштуруу” темасында укук жана эмгекти коргоо инспекторлору менен вебинар өткөрүлдү.

“Пандемия шартында профсоюздук ишмердүүлүктү уюштуруу” темасында укук жана эмгекти коргоо инспекторлору менен вебинар өткөрүлдү.

2020-жылдын 26-августунда Жалал-Абад облусунун райшааркомдорунун укук жана эмгекти коргоо инспекторлору үчүн “Пандемия шартында профсоюздук ишмердүүлүктү уюштуруу” темасында вебинар өткөрүлдү. Вебинар Жалал-Абад обкомунун укук жана эмгекты коргоо боюнча инспектору А.Айдаров тарабынан өткөрүлүп , билим берүү кызматкерлерын “Эгемендүүлүк жана Билим күнү” майрамдары менен куттуктоо менен башталды.

Вебинарда А.Айдаров илдет менен күрөшүүдө Борбордук Комитет, Жалал-Абад обкому жана райшааркомдор тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Жаңы окуу жылы башталышы мезгилиндеги профсоюздук уюмдарынын негизги милдеттери жана алдындагы иш-чаралар тууралу билдирди. Жалал-Абад обкому тарабынан даярдалган укук жана эмгек коргоо инспеторлору үчүн даярдалган усулдук китептен пайдалануу сунуштарын айтты. Катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.

Инспекторлор тарабынан вебинар уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.

Материалды даярдаган : Обкомдун пресс катчысы-Абдыкадырова Махабат.