Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пандемия шартында конференцияларды өткөрүү талкууланды.

2020-жылдын  2-ноябрында  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинде  жыйналыш   өткөрүлүп, райшааркомдордун  кезектеги  конференцияларын  пандемия шартында   кантип уюштуруу  талкууланды. Жыйналышка обкомдун  төрагасы А. Исмаилов,  жооптуу  кызматкерлер, Ноокен,  Базар-Коргон, Сузак райондук  комитеттеринин  төрагалары   катышты. Жыйналышта  райкомдун  төрагалары  конференцияга  даярдык   жана  өткөрүү  иштери  жөнүндө кыскача  маалыматтар  беришти. Обкомдун  уюштуруу  бөлүмунүн  башчысы А.Бегматов конференцияларды  өткөрүүнүн  графиктери  менен  тааныштырды. Обкомдун төрагасы А.Исмаилов  конференцияны  бардык  санитардык-эпидемиялык  талаптарын  аткаруу  менен  уюштуруу  милдеттерине  токтолуп, райшааркомдор тарабынан  пандемия  шартында уюштурулуп жаткан  алгылыктуу  иштерди  өзгөчө  белгиледи.  Жыйналыш  өзгөчө  шартта конференцияларды  уюштуруунун  тартибин  сунуштады.

Маалыматты  даярдаган:  Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.