Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пайдалуу байланыштар

2014-жылдын 11-ноябрь күнү Алай районунда  мектептердин,   балдар бакчаларынын диреторлорунун жана борборлоштурулган бухгалтериянын жамааты менен семинар ѳтүлдү. 

 Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ѳкүлү – эмгекчилерди социалдык жактан колдоо жана  эмгекти коргоо боюнча  башкы инспектор Ниязбеков Кубатбек    билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын туура тѳлѳп берүү менен нормативдик – укуктук документтер менен таныштыруу максатында атайын келген.

 

Семинарда акы тѳлѳѳгѳ байланышкан кѳптѳгѳн токтомдор жана  инструкциялар , тиркемелер тереӊ талкууланып ,  суроо жооптор менен толуктады.  Борборлоштурулган бухгалтериядагы мектептердин,  балдар бакчаларынын  жана лицей интернатынын тарификациясы текшерилип алардын дээрлик баардыгы мыйзамга инструкцияга туура келээрлиги белгиленип экономисттин, бухгалтерлердин  жана профсоюз комитеттеринин  туура иштегендигине баа берилди.

Жыйынтыгында кѳптѳгѳн суроолорго жооп бергендиги , атайын Бишкектен келип семинар ѳткѳндүгү үчүн Кубатбек  Ниязбековго  ыразычылык билдиришти.

 

 

Профсоюздун Алай райондук

 комитетинин тѳрагасы:                                                                             А.Каримов