Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук шайлоо конференциясы

     Ош  областтык  билим,  илим  кызматкерлер   профсоюзунун  ХVI  отчеттук  - кайра шайлоо   конференциясы  2017 – жылдын   27 – октябрь   күнү  Кыргыз –Өзбек  университетинин    чоӊ  жыйындар   залында  болуп  өттү.

      Конференциянын  ишине   Кыргыз  Республикасынын  Билим жана илим  кызматкерлеринин  Борбордук  профсоюз  комитетинин  төрагасы   А.Т.Токтогулов  катышып,  конференциянын  ишине  төрагалык  кылды. Райшаар,  окуу жайлардан   жалпы  119 делегат  шайланып  келип  катышышты.

     Күн  тартибиндеги  маселелерди   кароодо  конференциянын   делегаттары   активдүү  катышышып,  уюшкандыкты, ынтымакчылыкты  көрсөтүшүп    областтык  комитеттин    отчеттук  мезгилдеги  аткарган  иштерин  канааттандыраарлык  деп  баалашып,  областтык  комитеттин  төрагалыгына   С.А.Тойгонбаев  ачык  добуш  берүү   жолу  менен   бир  добуштан   шайланды.  Чыгып  сүйлөгөндөр Конференциянын  ишине  жогорку  бааларды  беришип, « Эли  жакшы  болсо  беги  жакшы, Беги  жакшы  болсо  эли  жакшы» !  Сиз  баштаган  билим,  илим  кызматкерлер  профсоюзу  биримдикти  көрсөтүп,  алгылыктуу  иштери  менен   эл- журт  арасында   кадыр – баркка  ээ  болууда  деген   ишенимдерин   айтышып А.Т.Токтогуловго  ыраазычылыктарын  билдиришти.

      Конференциянын  соӊунда    алдынкы  профсоюз   активисттерине   төрага  А.Т.Токтогулов  БПКнын   Ардак  грамоталарын  жана  «Билим,  илим   профсоюздук  кыймылдын   мыктысы»   төш  белгилерин    салтанаттуу  түрдө  тапшырды.

      Конференциянын  ишине   КР  Өкмөтүнүн   Ош  облустук  ыйгарым   укуктуу   өкүлчүлүгүнүн   социалдык  иштери  боюнча   бөлүм  башчысы  А.Ж.Балтабаев,  облустук  профсоюздар  Кеӊешинин  төрагасы   Т.Мусаев,  Жалал  -Абад  областтык  профсоюз  комитетинин  төрагасы  А.Исмаилов,  Баткен  областтык  профсоюз  комитетинин  төрагасы   З.Бөтөков   жана  башка  чакырылган  коомчулуктун  өкүлдөрү  катышышты.

 

 

                                  Ош  областтык  профсоюз  комитети.