Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук кайра шайлоо болуп өттү

Бүгүн, Кызыл-Кыя шаарынын А.Пушкин атындагы №4 орто мектебинин залында, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Күн тартибинде беш маселе каралды. Эӊ негизги маселе бул: билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин 2014-2019 жылдарда аткарган иштерине отчет берилди, ошондой эле текшерүү комиссиянын беш жылдык иши каралып, конференциянын делегаттары бир добуштан канаттандыраарлык деп баа коюшту.

Шаардык комитетине жаӊыдан, жаш профсоюз лидерлерин, мектеп директорлорун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысын жана баштапкы профсоюз комитетинин төрайымдарын шайлап, конференциянын делегаттары алардын ишине ийгилик каалап кетишти.

Ошондой эле жаӊыдан текшерүү комиссиянын мүчөлөрү шайланды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы болуп бир добуштан, ачык шайлоо жолу менен Буванова Маликехан Айдаралиевна шайланды.

 

Материалды даярдаган:

Марикехан Буванова