Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУнун эмгек жамааты Нооруз майрамын салтанаттуу белгиледи

Бугун, 21-март куну Ош технологиялык университетинде Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Буга карата окуу жайдын Технологиялык колледжи жалпы жамаатка атайын концерттик программа уюштурган.

Майрамдык салтанатка студенттер, окутуучулар, башка окуу жайлардын  окулдору жана Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы жашоочулар чакырылып, аларга уюштуруучулар тарабынан ыр-бийлер, тамашалуу куттуктоолор, майрамдык интермедиялар тартууланды.

Оз созундо окуу жайдын ректору, профессор Абдыкадыр Абидов эмгек жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктап, жаны жыл жакшылыктын жылы болуп, окуу жай коп ийгиликтерге жетишээрине ишенээрин белгиледи.

Ал эми майрамдык салтанаттан сон, келген конокторго окуу жайдын Профсоюз уюму тарабынан атайын сый-тамактар уюштурулду.