Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУнун эмгек жамааты Чарбак элине жана мектептерге гуманитардык жардам көрсөттү

Ош технологиялык университетинин эмгек жамааты Баткен облусунун  чек ара аймактарында жашап жатышкан Чарбак айылынын тургундарына мектептерге гуманитардык жардам көрсөттү. Жалпысынан 70 миё сомдук тамак-аш азыктары жана акыркы үлгүдөгү 1 компьютер кечээ, 11-февраль күнү атайын жүк ташуучу автоунаага жүктөлүп жөнөтүлдү.

Окуу жайдын жетекчиси, профессор Абдыкадыр Абидовдун айтымында,  Баткен элине жардам көрсөтүү үчүн окуу жайдын жамааты Профсоюз уюмунун алдындагы өз ара жардам берүү кассасынан акча каражатын бөлгөн.

«Биз мекендештерибиз, алардын ичинде кесиптештерибиз болгон мугалимдер кыйынчылыкка туш келип турганда кайдыгер карабайбыз. ОшТУнун жамаатынын мындай аракети Чарбактык туугандарга бир аз болсо да моралдык жана материалдык жактан колдоо болот», - деп кошумчалады ОшТУнун ректору.

А.Жалилов